Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:44

Акан Иманов, Бишкек Өткөн айда парламент тарабынан кабыл алынган ”Жарандардын тынч жыйындарды, митингдерди өткөрүү укуктары жөнүндөгү” мыйзамы өлкө башчысынын кароосунда турат. Бул мыйзамдын тегерегинде азыркы тапта көптөгөн кайчы пикирлер айтылып келет. Кээ бир партиялар жана коомдук уюмдар президентке кайрылуу жасап, бул мыйзамга кол койбоого чакырышууда. Бүгүн бул мыйзам долбоору жараандык коомдун талкуусунан да өтүү.

“Мен ишенбейм…” нааразылык акциясына бир нече жаштар уюумунун өкүлдөрү катышып, өз пикирлерин билдирип келишкен. Бирок алар катышып жаткан митингдердин дээрлик баардыгы үзүгүлтүккө учурап, катышуучулардын бир бөлүгү камакка алынса, айрымдары эскертүү алышкан. Буга Бишкек шаардык кенешинин 2007-жылдын 5-декабрында чыккан токтому негизги себеп болгон. Анда митинг-пикеттер тиешелүү жерледе атайын уруксаат алынуу менен өтүшү керектиги бекитилген.

Мирзат Ажиев – “Ашар” коомдук уюмунун координатору. Ал дагы “Мен ишенбейм…” нааразылык акциясына бир нече жолу катышып, укук коргоо ургандары тарабынан камакка алынган:

- Биз шаардык кеңештин чыгарган токтому Баш мыйзамга каршы келет деп айтып келгенбиз, эми аны Конституциялык сот дагы мыйзамсыз деп тапты. Бул токтомдун артынан жаштар көптөгөн тоскоолдуктарга тушуктук. Бизди баардыгы болуп он чакты жолу камашты. Эми биз депутат Масалиев тарабынан сунушталган мыйзамга каршы туруп, иштешибиз керек деген ойдомун.

Бүгүн, 4-июлда, “Кылым шамы” укук коргоо борбору коомдук уюмдардын, депуттаттардын бийлик өкүлдөрүнүн, Жогорку Кеңештин депутаттарынын жана Омбудсмен институтунун катышуусунда “Тынч митингдерди өткөрүү укугу Кыргызстандын өнүгүшүнүн түркүгү” деген аталышта тегерек үстөл өткөрүштү. Бул жыйында депутат Исхак Масалиев тарабынан сунушталып, өткөн айда парламент тарабынан кабыл алынган “Жарандардын тынч жыйындарды, митингдерди өткөрүү укуктары жөнүндөгү” мыйзам долбоору талкууга алынды. Ага катышкан “Жарандык коом корупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова бул мыйзамдын кемчиликтерди туудуруп жаткан беренелерге токтолуп өттү:

- Губернатор, акимдер жыйындардын өтүшүнө уруксаат берет же бербейт дегени туура эмес жана ал баш мыйзамга каршы келет. Анан дагы сот чечиши керек дейт, бул жерде сот кийлигишкенден кийин криминализация болуп кетет да. Үчүнчүдөн нааразалык акциялары имараттан 30-50 метр алыстыкта болушу керек дегени дагы туура эмес, себеби митинге менен үнүмдү ушул чиновниктер уксун деп чыгышат.

Аталган мыйзам долбоорунун автору Исхак Масалиев да бул тегерек үстөлгө катышты. Ал мыйзамда кандайдыр бир кемчилитер болушу мүмкүн экенин моюнга алды. Бирок аны убакыт көрсөтөөрүн айтты. “Мезгили келгенде депутаттар өзгөртүү киргизе алышат да”,- деп айтып, сөзүнүн аягында “менин эркиме койсо, мен бул мыйзамга мындан дагы катуу талаптарды коймокмун. Мен үчүн 20 митингчинин пикири эмес, өлкөнүн бүтүндүгү алдынкы орунда турат”,- деди. Бул пикирди Жогорку Кеңештин депутаты Зайнидин Курманов да колдоду:

- Бул мыйзамда баардыгы жакшы деп айта албайм. Бирок парламентте көпчүлүк чечет да, алар чечишти. Мен болгон сунуштарымды киргиздим. Жарымы өтүп, жарымы өткөн жок. Эгер биз коомчулуктун алдындагы максаттарды, тышкы жана ички саясаты эске алсак бул мыйзам азыркы замандын талабына жооп берет.

Белгилеп өтсөк, “Жарандардын тынч жыйындарды, митингдерди өткөрүү укуктары жөнүндөгү” мыйзам үстүбүбүздөгү жылдын 13-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Ошондон тарта бул мыйзам долбоорунун тегерегинде талаш-тартыштар токтобой, бул шаардык кеңештин токтомунунан эч өзгөчөлөнбөйт деген пикирлер да айтылып келет. Бул мыйзага вето койуу керек деген чакырык менен президентке бир нече бейөкмөт уюмдар, “Ак-Шумкар” партиясы, Акыйкатчы аппаратынын алдындагы адам укугу боюнча коомдук кеңеш кайрылуу жолдошкон. Бүгүнкү талкуунун катышуучулары президинтти бул мыйзам долбооруна кол койбоого чакырышты:

- Бакиев бул жоопту кызматка келгенде мен президент катары Кыргызстан элинин адам укуктарын жана эркиндиктерин сактап берем деп ант берген. Эгер бул мыйзам өтүп кетсе биз Өзбекстан сыяктуу мамлекетке тете болуп калабыз. Ошондуктун тегерек үстөлдүн катышуучулары бул мыйзамга вето койгула деп президентке дагы бир жолу кайрылдык,- дейт Төлөйкан Исмаилова.

Укук коргоочулар эми акыркы сөздү президенттен күтүп турушкан өңдүү. Эгерде президент бул мыйзамга кол койсо, анда өлкө демократиялык жолдон тайгандыгын айгинилей тургандыгын, мындай учурда жарандык коом чечкиндүү кадамдарга бара тургандыгын айтышууда.
XS
SM
MD
LG