Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:24

БҮГҮН МЕДИЦИНА КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КҮНҮ


Бүгүн Кыргызстандын медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы. Кечээ Улуттук филармонияда президенттин катышуусунда салтанаттуу жыйын өтүп, айрым дарыгерлер жана дарыгерлер жамааттары сыйланышты. Жыйында ошондой эле кыргыз медицинасынын учурдагы маселелери, алдыдагы милдеттери айтылды.


Улуттук филармонияда медицина кызматкерлеринин күнүнө арналып өткөн жыйында медициналык 8 тез жардам жана 23 жеңил автомашинанын ачкычы негизинен аймактагы ооруканаларга тапшырылды. Жыйынды ачкан саламаттык сактоо министри Марат Мамбетов:

- Кыргыз өкмөтү тарабынан республиканын саламаттык сактоо тармагына дайыма көңүл бурулуп келатканын белгилеп кеткенибиз оң. Ошондой эле Кыргызстандын саламаттык сактоосундагы реформаларга жардам көрсөтүп келаткан эл аралык донор уюмдарга, алардын бүгүнкү жыйынга катышып отурган өкүлдөрүнө ыраазычылык билдиребиз. Саламаттык сактоо боюнча өткөн саммитте кыргыз өкмөтү жана эл аралык шериктештик Кыргызстандын саламаттык сактоосун жогору баалаганын да айта кетейин.

Ал эми президент Курманбек Бакиев реформанын 12 жылдан берки жүрүшүндө үч негизги маселе чечилгендигин белгиледи:

- Биринчиси – саламаттыкты сактоо түзүлүшү негизинен рыноктук механизмге өткөрүлгөн. Экинчиси – медицинанын материалдык базасын модернизациялоо боюнча иштер жүрүп жатат. Үчүнчүсү – саламаттыкты сактоодо социалдык багыттуулуктун приоритеттүүлүгү сакталган.. Мамлекеттик кепилдик программасынын чегинде 5 жашка чейинки балдар, кош бойлуу аялдар жана 70 жаштагы жана андан улуу жаштагы пенсионерлер медициналык төлөмдөрдөн бошотулат.

Андан ары Мамлекет башчысы атамекендик саламаттыкты сактоонун негизги багыттарын белгиледи. Биринчи багыт – медициналык тейлөөнүн элге жеткиликтүүлүгү. Экинчи багыт – кеңири тараган коркунучтуу ооруулар менен күрөшүү. Үчүнчү багыт – ооруларды дарылоого караганда улуттун саламатчылыгын башкарганга өтүү.

Президент ошондой эле Саламаттыкты сактоодо практикалык кадрлар менен камсыз кылуу кыйынчылыктары жаралып жатканын да белгиледи. Тармактан тажрыйбалуу кадрлардын кетиши уланууда. “Саламаттыкты сактоого болүнгөн каражаттын 60 пайызы мидицина кызматкерлеринин эмгек акыларына жумшалып жатса да, бюджеттик уюмдардын кызматкерлеринин арасында медицина кызматкерлеринин айлык маяналары төмөн бойдон калууда. Бул маселелерди эмгекке акы төлөөнүн экономикалык пайдалуу болгон жаңы формасын киргизүү аркылуу чечишибиз керек” деди президент Бакиев.

Ошондой эле жыйында кыргыз-славян университетинин профессору Неля Ахунбаевага республиканын “Даңк” медалы жана 9 дарыгерге “Республикага эмгек сиңирген дарыгер” наамы ыйгарылды. Алардын арасында №3 балдардын республикалык тез жардам клиникалык ооруканасынын баш дарыгери профессор Талантбек Өмүрбеков жана энени жана баланы коргоо Улуттук борборунун баш дарыгери профессор Камчыбек Узакбаев бар. Талантбек Өмүрбеков жетектеген балдар ооруканасынын жамааты жылдык сынактын мыкты медициналык жамаат номинациясы боюнча жеңип чыгып, 100 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланды:

- Биздин борбордо 500 гө жакын кызматкер эмгектенет. Жылына 65 миң бала кайрылат биздин ооруканага. Ошонун 12-13 миңин стационарда дарылайбыз. 4 миңге жакын операция жасайбыз. Акыркы убакта биз жаңы төрөлгөн балдарга көп көңүл буруп, аларда дарылоодон көп ийгиликтерге жеттик.

Ал эми энени жана баланы коргоо улуттук борборунун баш дарыгери Камчыбек Узакбаев дарыгерлердин алдында дагы да курч бойдон кала бере турган эненин жана баланын саламаттыгындагы проблемаларды белгиледи:

- Тамак-аштын кымбаттаганына байланыштуу республикада энелер менен балдардын арасында аз кандуулук өсүшү мүмкүн. Ошондой эле балдардын тубаса оорулары жана жугуштуу дарттар менен күрошүү да курч бойдон калууда. Биз бул дарттар менен күрөшүүдө атайын мамлекеттик программаны иштеп жатабыз.

XS
SM
MD
LG