Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:51

“БӨЛҮНГӨНДӨН АКЫРЫ ӨЛӨТ КЫРГЫЗ”


“Кыргыз туусу” гезити, “Аалам” гезити № 60- санында “Куштун кош канаты сынабы?” деген аталышта бир бетти толтуруп, эч уялбай, чоң-кичигин аралаштырып, жалаң түштүктөн чыккан мамлекеттик кызмат адамдарынын тизмесин бергенин окурмандардын эсине салып, биз дагы окурмандардын назарына азыркы учурда мамлекеттик кызматтарда иштеген түндүктүк азаматтардын тизмесин сунуштайлы деп турабыз деп жазып, бир бет тизме жарыялады. Тизмеде президенттик, өкмөттүк апараттарда, министрликтер менен комитеттерде, мамлекеттик агенттиктер менен соттордо иштеген түндүктүктөрдүн аты-жөнү, ээлеген кызматы далилге тартылган. Б. Баймат уулу деп автору жазылган тизменин аягы “Журтун таштай качкан Аскар Акаевдин убагында өкмөт курамынын 70 пайызын жалаң түндүктүн кадрлары түзүп турганын унута элексиздерби, “Кеминизм” гүлдөп турган учурда деле жашабадык беле, андан көрө түндүктөн болобу, түштүктөн болобу татыктуу кадрларга таянып, чындап эл үчүн иштеп аткан уул-кыздарыбызды колдоп, элди экиге бөлгөн журт бузар саясатчы сөрөйлөрдү мыйзам чегинде жоопко тартып, мамлекетибиздин өнүгүшүнө ар бирибиз аз болсо да салым кошолу деп аяктайт.

“Жаңы кылым” гезити Боркошов аттуу Кыргызстандык үйбүлө 8 жыл бою Казакстандын тамеки талааларында иштеп, иштеген акысын алалбай, акыры кулга айланып, айланып эле тим болбой бир нече жолу колдон колго сатылганын, орто кылымдагы бул көрүнүш айрыкча түштүк жергесин кучагына алганын, адам сатуу Ош, Жалал-Абад, Баткен дубандарында арбын учурарын, эларалык эксперттердин айтымында жыл сайын Кыргызстандан 4 миңге жакын адам короодон кармап келген кой сыяктуу сатылып турарын, өткөн жылы өлкөдө адам сатуу боюнча эле 371 факты катталганын кабарлады.

“Аалам” гезити Бишкек шаар кеңешинин депутаты Абдыгул Чотбаевдин “Ажону айланасындагылар курутат”, Аликбек Жекшенкуловдун “Кыргызстандын келечеги оппозициянын ынтымагында”, “Медиа-өкүл” институтунун деректири Илим Карыпбековдун “Бийликке да, оппозицияга да ишеним артуу кыйын” деген интервьюларын жарыялады. Гезит ошондой эле Алмаз Атамбаев жакында Темир Сариев менен жолугушуп, алдыдагы саясый күрөштө бирге болорун макулдашканын сүйүнчүлөп, укук коргоочу Качкын Булатовдун күч органдары тарабынан мыйзамсыз камалганын жазып чыктты.

“Агым” гезити кечээ кечке маал “Замандаш” партиясынын лидери Муктар Өмүракуновду финансы полициясы суракка алымыш болуп камап салганын, буга чейин да Муктарга ар кандай кысымдар болуп келгенин, аталган орган бир айдан бери анын ишмердигине тийишип келатканын маалымдады. Бирок, биз Муктар менен чогуу иштешкен адамдарга телефон чалып, бул мааыматты тактаганыбызда, Муктар камакка алынбаганын, бирок үйүнө да кое берилбей финполициянын имаратында болгонун, азыр дале суракта экенин айтты.

Көз карандысыз социологдордун иликтөөсү боюнча өкмөт мүчөлөрүнүн арасынан рейтинги эң жогорусу ИИМ министри Молдомуса Коңгантиев экендигин, Бишкектин кафелеринин биринде жакында Адахан Мадумаров күтүүсүздөн пайда болгонун, саал кызуурактыгын, сол көзү көгөргөнүн, көңүлү чөктү болуп турганын көргөндөр баш чайкап кейигенин, Жогорку Кеңштин депутаттары Исках Масалиев менен Алишер Сабиров жана “Манас” аэропортунун жетекчиси Бакыт Сыдыков кумар оюнунун акесин таанытарын, баарынан кызыгы үчөө казиного чогуу барышарын жазып чыкты.
XS
SM
MD
LG