Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:22

1-июлдан тарта бейрасмий түрдө саясатта танапис башталып, бардык күчтөр күзгү күрөшкө чейин тыныгууга чыгаары белгилүү. Бирок ага карабай өткөн жумада Кыргызстанда бир катар олуттуу саясий окуялар болду. Маселен, Конституциялык сот демократияны жактап, Бишкек шаардык кеңештин митинг, пикеттерди чектеген токтомун жокко чыгарды. Ошол эле мезгилде оппозициялык маанайдагы “Де-факто” гезитинин башкы редактору Чолпон Орозобековага расмий түрдө айып коюлду. АКШ “Манастагы” аскерий базасын кеңейтүү ниетин билдирсе, кыргыз өкмөтү азырынча ал боюнча сөз жок экенин ачыктады. Кумтөр боюнча табышмактуу соттошуулар уланды.

Конституциялык соттун чечими, укук коргоочулардын жеңиши

Кыргызстанда демократия, сөз, жыйыналыш эркиндиги кысымга алынып, өлкө авторитаризмге карай баратат, деген айыптоолор күчөп бараткан учурда Конституциялык сот баарын чаташтырган бир чечим кабыл алды. Ал чечим менен Конституциялык сот Кыргызстан атуулдары каалаган убакта, каалаган жерде бийликке маалымдама берип эле митинг, пикеттерге чыгууга укуктуу деген конституциянын талаптарын тастыктады.

2004-жылы 24-мартка чейин Алатоо аянтына чыгып митинг өткөрүүгө эч кимге мүмкүнчүлүк берилчү эмес. Ошол тыю салууларга карабастан 24-мартта эл Алатоо аянтына чогулган. Чогулган элге кайрылып сүйлөгөн сөзүндө ыңкылаптын лидерлеринин бири Азимбек Бекназаров Алатоо аянтында митинг өткөрүүнү биринчи жеңиш катары баалап, элди куттуктаган. Албетте, андан кийин өлкөнүн башкы аянтында ноябрь, апрель митингдери орун алды.Бирок 2007-жылдын сонунда Бишкек шаардык кеңеш токтом кабыл алып, мына ошондон кийин борбордун аянтында эле эмес, башка жерлеринде да ар кандай нааразылык акцияларын уюштуруу мүмкүн болбой калган. Анткени шаардык кеңештин митинг, пикеттерди чектеген токтомуна таянган тартип коргоо органдары нааразылык акциясына чыккандарды дароо кармап, административдик кодекстин беренелери боюнча соттоп жатты. Маселен, “Мен ишенбеймин..” акциясына чыккандар эчен ирет камалып, тынымсыз айып пулдар салынганы маалым.

Кыргызстандык укук коргоочулар мындай абал менен келишпей, Бишкек шаардык кеңештин токтомун жокко чыгаруу арызы менен Конституциялык сотко кайрылышкан. Сот арызды 1-июлда карап, шаардык кеңештин токтомун жокко чыгарды. Бул чечимди Конституциялык сотко кайрылган укук коргоочу Азиза Абдырасулова мындай баалады:

- Конституциялык сот мыйзам ченемдүү чечим кабыл алды. Мыйзамдан ары-бери чыккан жок. Башкача чечим кабыл алышы мүмкүн эмес болчу. Мындан мурун Конституциялык сот ушундай эле чечимди 2004-жылы 14-октябрда кабыл алып берген болчу. Ошондо дагы баарыбыз ушинтип кубанган элек. Мына эми экинчи ирет Конституциялык өтө жогорку мыйзамдуу чечим кабыл алып жатат.

Бирок Конституциялык соттун чечими менен эле укук коргоочулардын талабы аткарылып, максатына жетип калган жок. Анткени алардын пикиринде, парламент кабыл алган, бирок президент кол кое элек “Жарандардын тынч, эркин жыйналуу укугу жөнүндөгү” мыйзам эркин жыйналуу укуктарын чектөөгө алат жана Конституцияга каршы келет. “Атуулдук коом коррупцияга каршы” уюмунун лидери Төлөкан Исмаилова:

- Азыр президенттин алдында “Тынч митингдер боюнча” мыйзам жатат. Ал мыйзам Конституцияга каршы. Мыйзамга юристтер экспертиза жасап, 148 өкмөттүк эмес уюм, 500 активист президентке кол койбоо өтүнүчү менен кайрылган.

Бирок мыйзамдын демилгечиси, Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев мыйзам Конституцияга каршы келбейт дейт:

- Мыйзам 100% идеялдуу деп мен деле айта албаймын. Балким кемчиликтери болушу мүмкүн. Ал эми мыйзам туурабы, туура эмеспи дегенге келгенде, долбоордун демилгечиси болгондон кийин айтаарым, мен сунуш кылган чечимдер Конституцияга карама-каршы келбейт.

Укук коргоочулар 4-июлда бул мыйзамга байланыштуу тегерек стол жыйын өткөрүп, анда мыйзамдын Конституцияга каршы келиши боюнча негиздемелерди даярдашты. Аны эми президентке жолдошмокчу.

АКШ менен Кыргыз өкмөтүнүн “Манас” базасы үчүн кошумча аянт боюнча “сыпайы” акыйнеги

АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысынын орун басары Жорж Кроллдунөткөн айдагы Кыргызстанга сапарынын алдында “америкалыктар “Манастагы” аскерий базасын кеңейтүү үчүн кошумча жер сурап жатыптыр” деген каңшаар тарап, бирок ал эки тараптан тең төгүнгө чыгарылган. Каңшаардын чындыгы бар экенин, бирок анын мааниси башкада экени кийинчерээк аныкталды.

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Мари Йованович “Азаттыктын” кабарчысы менен болгон маегинде базаны кеңейтүү маселеси тууралуу буларды билдирген:

- Бул сөздөргө эч кандай негиз жок. Базанын аймагын кеңейтүү боюнча талкуулар жүргүзүлгөн жок. Биздин Кыргыз өкмөтүнө болгон сунушубузда, азыркы учурда базанын ижарасында турган жердин ичинде эле кошумча жаңы учактар үчүн аянт куруу болгон. Бул сунуштун ичинде үч негизги себеп бар. Бул аэропорттогу коопсуздукту жакшыртуу. Азыр өзүңүздөр билгендей коалициялык күчтөрдүн учактары Кыргызстандын башка жарандык жана коммерциялык учактарынын жанында жайланышат жана бул учактар терминалдан алыс эмес жерде турат. Эгер биз жаңы аянт кура алсак анда биз өзүбүздүн коалициялык күчтөрдүн учактарын жаңы аянтка жылдыра алабыз. Жакында конгресс бул долбоор үчүн 30 миллионго жакын акча бөлүп бердик. Анын 20 миллиону Кыргызстанда ар кандай контракт түрүндө калат. Андан башка аэропорттун узак мөөнөттөгү кызыкчылыгын карап көрсөк, бул аэропортко дагы пайдалуу долбоор болуп эсептелинет. Себеби бул аянт жарандык авиация боюнча эл аралык уюмдун стандартары боюнча курулат жана Ооганстандагы кырдаал түзөлүп, коалициялык күчтөрдүн бардыгы бул жактан чыгып кеткенден кийин “Манас” аэропортунун менчигинде калат.

Мына ушундай маалыматтардан кийин кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирүү менен чыгып, кыргыз өкмөтү америкалыктар менен базаны кеңейтүү, ага кошумча жер бөлүү, же жаңы аянт куруу боюнча эч кандай сүйлөшүүлөр жүргүзбөй жатканын дагы бир ирет белгиледи.

Мына ушундай карама-каршы билдирүүлөрдүн артында эмне турат? Кыргыз тарап АКШнын суроо-талабын канааттандырууга барыш керекпи? Мына ушундай багыттагы суроолор менен Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин мурунку катчысы Мирослав Ниязовго кайрылган элек:

“Азаттык”: - АКШ “Манас” аба майданында ижарага алган жерине кошумча аянттарды, тактап айтканда, конгон аскерий учактарын коюу үчүн кошумча аянттарды курууга уруксат сурап жатыптыр. Ага кыргыз тараптан уруксат берилиш керекпи?

Мирослав Ниязов: - Биринчиден, бул жерде бир нече суроо болуп жатат. Эмне себептен кеңейтебиз деп жатышат. Алар учуру келгенде бул жерден кетиш керек да. Анан капиталдык курулуш болобу, же убактылуубу? Андан кийин “Манастан” учкан элге, адамдарга ыңгайсыздык туулбайт бекен деген көп суроолор бар. Ошондуктан бул маселе биздин бийлик тарабынан өтө терең изилденүүгө муктаж. Мен ойлоймун, алар убактылуу келгенден кийин, биз биринчи кезекте өзүбүздүн кызыкчылыкты көздөшүбүз керек. Анткени бул эл аралык жарандык аэропорт.

“Азаттык”: - Жаңы аянттарды куруу зарылчылыгын америкалыктар жарандык учактардын коопсуздугун камсыздоого байланыштырып жатыптыр. Бирок ошол эле кезде жаңы аянттарды куруу аракети базанын дагы көп жылдарга калуусунан кабар бербейби?

Мирослав Ниязов: - Мүмкүн алардын бул жерде дагы көбүрөөк калабыз деген ойлору болсо бир жөн.Бирок биз так билүүнү талап кылган негизги маселе-бул Ооганстанда эмне болуп жатканы. Ал жерде абал оңолуп баратабы, же курчуп жаман болуп баратабы? Анткени Ооганстандагы абалдын бизге да коркунучу бар. Ошон үчүн өзүбүздүн коопсуздукту сактайбыз десек, биз албетте, коалициялык күчтү пайдаланышыбыз керек. Биз жардам беришибиз керек. Биринчи суроо ошол болуш керек. Биздин коопсуздукка коркунуч барбы, же жокпу? Ошол суроого жооп тапсак, анда бул маселе да чечилет.

“Азаттык”: - Ушул базанын айланасында ар кандай геосаясий оюндар жүрүп келатат. Эгерде Кыргызстан жаңы аянттарды курууга уруксат берсе, таасирлүү коңшулары Россия, Кытайдан кандай реакция болушу мүмкүн?

Мирослав Ниязов: - Биринчиден, Россия дагы, Кытай дагы чоң мамлекеттер. Алардын коопсуздугуна да коркунуч бар деп эсептесе болот бир жагынан. Бирок дагы бир нерсени эстеп жүрүш керек, бул Россиянын Чеченстандагы жикчилери Ооганстанда даярдыктан өтүп жүргөн. Кытайдын уйгур жикчилдери да ошол жерден машыгуудан өткөн. Ошондуктан Кытайдын дагы, Россиянын дагы кызыкчылыгы бул жерде бар. Амбицияны чөнтөккө салып туруп, обьективдүү айтканда. Ошондуктан бул мамлекеттер туура түшүнүш керек. Мен көп жерден айтып жатам, биз бүгүнкү күндө карама-каршы турбай, Ооганстан эл аралык тынчтыкка коркунуч туудурса, анда ошол ШКУда, Европа Биримдиги да кийлигишип, бир тартипке салбаса, анда дүйнө жүзүнө коркунуч алып келе берет.

“Азаттык”: - Маегиңизге ырахмат.

Кумтөрдун айланасындагы табышмактуу оюндар
Кумтөрдүн айланасындагы жагдай түшүнүксүз бойдон калууда. Азыркы түзүлгөн кырдаалга катардагы адамдар эмес, өкмөт мүчөлөрү да түшүнө бербей турушат. Маселен, экономика жана соода министри Акылбек Жапаровго Кумтөрдүн боюнча чатактын учу-кыйыры тууралуу 3-июлда суроо менен кайрылганыбызда, анын жообу мындай болду:

- Игорь Виталиевич Чудиновдон суранып жатам, өкмөттүн жакынкы жыйындарына акыркы сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн комиссиянын отчетун угууну. Ошо комиссия кандай деңгээлде, кантип сүйлөшүү өткөрдү аягына чейин мен тактай элекмин.Эмне үчүн жакшы жыйынтыкка келген жок, мына эми сотко баратабыз-экономика министри катары мен өзүм жооп ала элекмин. Ошондуктан муну биз жакынкы аралыкта өкмөттө карап чыгышыбыз керек. Анткени быйыл биз 19 тоннага чейин алтын казып алабыз дегенбиз. Ошонун 18 тоннадан ашыгын Кумтөр бермек. Калганы башка кендерден алынат. Азыркы күнү Кумтөрдүн аткаруу органдары менен сүйлөшкөндө айтып жатышат, 12-13 тоннанын тегерегинде гана казабыз деп жатышат. Анан чуулган токтобой жатат. Ошондуктан өзүм дагы маселени тактагандан кийин сизге жооп берейин.

Өкмөт бир жагынан өткөн жылы Алмазбек Атамбаевдин келишимин жакшыртууну көздөөрүн, сүйлөшүүлөрдү улантууга кызыкдарлыгын ачыктап жатат. Ошол эле мезгилде канадалыктар сүйлөшүүнү каалабасын айтып, эл аралык арбитражга кайрылган. Ал эми комиссиянын төрагасы өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбеков ал жетектеген комиссиянын курамы өзгөрүлөөрүн өткөн айда билдирген. Бирок ушул кезге чейин эмне болуп жатканы белгисиз. Жогоруда айтылгандай, өкмөт сүйлөшүүнү жактаарын гана айтып жатат. Бирок бул убакытта, канадалыктар эски схема менен иштеп, мурункудай эле пайданы көрүүдө...

Өкмөт менен канадалыктардын мышык-чычкан оюнуна чок салган Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабеков болуп жаткандай. Анын Кумтөр боюнча “Камеко”, кыргыз өкмөтүнүн чечимдерин жокко чыгаруу боюнча үстөккө-босток берилген арыздарынын негизинде соттук териштирүүлөр уланып жатат.

Алардын айрымдарына Исабеков жеңишке жетишсе, бирок негизги маселе боюнча арызды кароо улам-улам кийинки мөөнөткө которулууда. Мына, 2-июлда Бишкек райондор аралык сот 2003-жылдагы Кумтөр боюнча өкмөттүн токтомун жокко чыгаруу арызын карап, бирок канадалыктардын келбей калганына байланыштуу 15-июлга которду. Ал эми канадалыктар болсо кыргыз сотуна катышпасын алдын ала эле билдирип коюшкан.

Исабековдун пикиринде, соттун чечкинсиздигинин артында өкмөттүн чечкинсиздиги турат:

- Эмнегедир созулгандан-созулуп келатат. Февралдын 15нен бери уланып, мына июль айы болду. Жакында жарым жыл болот. Улангандан-уланып келатат. Мунун себеби биздин өкмөттүн коркоктугунда, өкмөттүн алсыздыгында.

Эгерде 2003-жылдагы өкмөттүн токтому жокко чыгарылса, анда “Центерра голд инкти” түзүү мыйзамсыз аталат. 2003-жылга чейин Кыргызстандын Кумтөрдөгү үлүшү 67% болгон...
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG