Төрага Айтибай Тагаев эмки жуманын башында Ош облусунун Ноокат районунда иш сапары менен болуп, шайлоочулар жана райондун жетекчилиги менен жолугушуларды өткөрөт. Иш сапар андан ары Баткен облусунда уланып, Кызыл-Кыя шаарында жана Кадамжай районунда да ушундай эле жолугушуулар болмокчу. 8-июлда болсо парламент төрагасы “Ак жол” партиясынын Баткен облустук бөлүмүнүн жыйынына катышат. Төраганын бул иш сапары Лейлек районунан жыйынтыкталат. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты.(SM)