Партиянын алдындагы мындай коомдук комиссия бүгүнкү курултайда түзүлөөрүн партия төрагасы Үсөн Сыдыков “Азаттыкка” берген маегинде билдирди. Анын айтымында, бүгүн өлкөдө жалпы журтчулукту тынчсыздандырган эң бир талылуу маселелердин бири бул - коррупция маселеси. Андыктан коррупцияга каршы күрөшүү партиянын негизги ураандарынын бири болуп, мындай комиссиялар жер-жерлерде да түзүлөт. Бул комиссия тарабынан эгер кандайдыр бир коррупциялык иш-аракеттер аныкталчу болсо дароо тиешелүү тараптарга, өлкөнүн жогорку бийликтерине чейин билдирилип, ага чара көрүү талабы коюлат.(SM)