Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:10

18:20 Жалалабат шаарында “Жандос” аттуу ишкана калктан алма сатып ала баштады


Ал быйылкы жылы 1600 тонна алма концентратын даярдап, сырт өлкөлөргө чыгармакчы. Завод үч жылдан бери иштебей токтоп турган. Андан мурда даярдаган үнөмдөрүн АКШ, Жапония, Швеция өңдүү бир нече чет өлкөгө экспорттогон. Ишканага кытайлык “Тунхе” фирмасы 6 млн. доллардан ашык каражат жумшаган. Жергиликтүү калк завод алманы жерине барып сатып алса, жарандарга ыңгайлуу болот эле деген пикирлерин билдирүүдө. Облбийликтен алынган маалыматка караганда, жыл башынан бери облуста 15ге жакын ишкана курулду. Алар эл керектөөчү буюмдарды чыгарат. (YA)

XS
SM
MD
LG