Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:51

Биз азыр ички иштер министринин түштүк аймагы боюнча орун басары Жеңиш Жакыповду кепке тартмакчыбыз. Маегибиз Оштогу буюртма өлүмдөр, анын ичинде журналист Саиповго байланышкан кылмыш ишинин тергелиши туурасында болмокчу. Маекти Оштон кабарчыбыз Алишер Токсонбаев алып барат.

- Жеңиш мырза, март ыңкылабына чейин жана андан кийин Ошто бир топ белгилүү инсандар атып өлтүрүлдү. Эми ошол шаардык Кеңеш депутаты, ишкер Айбек Алымжановдун, милициянын уюшкан топторго каршы күрөшүү боюнча түштүк башкармалыгынын бөлүм башчысы Уран Алиевдин, Карасуу базарынын эки директорунун жанын кыйгандар жана анын буюртмачылары табылдыбы?

- Бүгүнкү күнгө бир топ оперативдик иштер боюнча аракеттер жасалып атат, тергөө аракеттери да жүрүп атат. Карасуу эл базары боюнча кылмыштын бети ачылды десек болот. Кармала элек дагы эки адам издөөдө жарыяланып жүрүп атат, бул Аканов Сапар менен Атканов Шералы. Калгандары болсо камакта, алды кесилген. Бул эки адам тең азыр Тажикстанда болуп атат. Ошондуктан Тажикстан Ички иштер министрилиги менен бирдикте биз бир топ иш аракеттерди кылып атабыз.

- Билишибизче, 26 жашында канкорлор колунан ажал тапкан «Саясат» гезитинин башредактору Алишер Саиповдун өлүмү боюнча териштирүү Сизге жүктөлгөн. Мындан үч ай мурда «Журналистти аткандардын учугу билинди» дедиңиз эле. Деги кайсыл версияга токтолдуңуздар?

- Акыркы бир эле версия бар. Саиповду атып кеткен, биз мурун маалымат жыйында эки шектүү адам деп сүрөт көрсөткөн элек. Ошол эки адамга издөө жарыялап, азыр аракеттерди жасап атабыз. Шектелген адамдар аныкталгандан кийин бул кылмыштын бетин ачабыз деген оюбуз бар.

- Алишердин атасы Авас Саипов Президент Бакиевге кат жолдоп, «Уулумдун өлүмүн Өзбек Президенти Ислам Каримов заказ кылган, аны Кыргыз милициясынын жана КГБсынын кызматкерлери аткарууга жардамдашкан» деп шектенүүсүндө жүйөө барбы?

- Антип айтканга бизде эч кандай негиз жок. Себеби, атып өлтүргөн адамдар кармалып, аны тергөө жолу менен мойнуна коюлгандан кийин гана ким заказ бергенин, ким ошол заказды аткарганын жана кимдер ошого шарт түзүп бергени ошондо гана билинет. Бирок биз азыр экөөнүн ким экенин аныктай албай атабыз.

- Сиздердин министрликтин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов жалпыга маалымдоо каражаттарына 23-июнда тараткан билдирүүсүндө: «Эгерде президент Каримовдун буюртмасынын негизинде Өзбекстандын атайын кызматы Алишер Саиповдун көзүн тазалаган болсо, коңшулар менен мамиле бузулат деп чочулабастан Кыргызстандын бул туурасында жарыя кылууга кудурети жетет» деген оюн ачыктады. Буга алымча-кошумчаңызды өз оозуңуздан уккубуз келет?

- Накта аткан адамдарды таппай туруп, ким заказ бергенин, спец службалар деп айткан туура эмес болуп калат. Чындыгында жанагы сүрөттө тартылган эки адам бул биздин мамлекеттин жарандары эмес, кебетеси да, түз бойлош карап көргөңдө дагы Өзбекстан жактан келген адамбы деп бизде шек болуп атат. Ошондуктан Өзбекстан ички иштер министрлигине да биз атайын кат менен бир эмес эки жолу кайрылганбыз. Аныкталгандан кийин ким аркылуу заказ берилгенин тергеп бетин ачканга аракет кылабыз.

- Авас Саипов «Алишер атылган маалда Кыргыз Президентине караштуу стратегиялык иликтөө институтунун баш эксперти (учурда Борбордук шайлоо комиссиясында иштеп жаткан - редакция) Икбал Мирсаитов жанында болгон. Ошондон да күмөнүм бар» деп айтып келатат. Бул жүйөө тергөөнүн жүрүшүндө каралдыбы?

- Мирсаитов менен өзүм дагы бир нече жолу сүйлөшүп көргөм кылмыш жасалгандан кийин. Тергөө амалдарда да бир топ аракеттерди кылдык. Бирок бүгүнкү күндө ал кылмышка шектүү же катышкан деп айтканга эч бир негиз жок.

- Жеңиш мырза, куруп берген маегиңиз үчүн чоң ыракмат!
XS
SM
MD
LG