Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:35

11:50 “Жаңы Кыргызстан” оппозицияга өтпөйт


Бул тууралуу партия жетекчиси Үсөн Сыдыков “Азаттыкка” берген маегинде билдирип, партия өз багыттарын аныктаганын, президент Бакиевдин саясатын колдоп, “Ак жол” партиясы менен үзөнгүлөш иш жүргүзөөрүн кошумчалады. Бул партия мындан 14 жыл мурда алгач агрардык эмгек патиясы деп түзүлүп, кийинчерээк атын “Жаңы Кыргызстан” деп өзгөрткөн. Партиянын башында президенттин кеңешчиси Үсөн Сыдыков турат. Партия 2005-жылдагы март ыңкылабына жигердүү катышып, ошол кезде азыркы президент Курманбек Бакиев да анын катарында болгон. Маалыматтарга караганда, учурда партиянын 150 миңдей мүчөсү бар.(SM)

XS
SM
MD
LG