Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:54

ГУБЕРНАТОРДУН МУРДАГЫ ОРУН БАСАРЫНЫН СОТУ УЛАНУУДА


3-4-июлда Жалалабат облустук соту Ош облгубернаторунун мурдагы 1-орунбасары Кушбак Тезекбаевдин доо арызын кароону улантты. Ал Жалалабат шаардык сотунун өкүмүн жокко чыгарууну талап кылууда. Шаардык сот аны күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратып, бир миллион сом айып пул салган. Тезекбаев өзүнө коюлган айыптар туура эмес экендигин билдирүүдө.

Сот бейшемби күнү Кушбак Тезекбаевдин облбийликтен алган 35 миң сомду Карасуу районундагы Карадөбө орто мектебине берген-бербеген маселесин териштирди. Деректир Эркайым Шанабаева баш болгон мектептин үч кызматкери күбө катары сурак берди. Алар Тезекбаевдин Ош облусунун губернаторунун 1-орунбасары болгонго чейин да мектепке кайрымдуулук жардам колун сунуп келгенин ырасташты. Башка жумуштарга жумшап иет деген таризде ал акчаны айыл өкмөттүн, же билим берүү бөлүмүнүн кассасына тапшырбай, жамааттын оозеки уруксаты менен мектепти ремонттоо маалы келгенче Тезекбаевдин сактап туруусуна макул болушкан:

- Буга чейин мамлекеттик администрациядан, же башка мамлекет тарабынан биз чоң суммадагы акча алган эмеспиз. Ошону кантип сакташтын жолун мен да билбейм, – деп көрсөтмө берди Эркайым Шанабаева.

Соттун төрагасынын айтымында Шанабаева акчаны көргөн эмес жана Тезекбаев акчаны текшерүүдөн кийин мектепке кайрыган. Аталган көрүнүш боюнча кызмат абалынан пайдаланбаганын тастыктаган экс-орунбасар дегеле текшерүү болбогондугун, ал жалган жалаа экендигин айтты. Ага Орусиялык кайрымдуулук жардамын мыйзамсыз таркаткан деген да айып коюлууда. Тезекбаевдин облсоттогу сөзү боюнча аны беш жылга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыраткан Жалалабат шаардык соту гумжардамдын таркалышына жоопкер болгон Сеиткасым Жээнбековго жеңил жаза берген. Ош облбийлигинин каржы-чарба бөлүмүнүн башчысы Жээнбеков шарттуу түрдө беш жылга соттолгон. Ал соттун эки күндүк талкуусуна катышкан жок. Тезекбаев жардамды бөлүштүрүүгө тиешеси жок экендигин, анын 60-80 пайызы Бишкекте кызматтык сапарда жүргөндө таркалгандыгын билдирди. Элдин акысын жеген болсом өз жанымды кыюуга даярмын деп айтты сотко губернатордун мурдагы орунбасары:

- Мен жемек тургай мынчасы калды деп өткөрүп бергем.

Мамлекеттик айыптоочу Нурлан Жаныш уулу Тезекбаев жардам сурап кайрылгандарды каттабаганын билдирди:

- Документтерде кириш, чыгыш кагаздары жок.

Губернатордун экс-орунбасарынын түшүндүрмөсү боюнча арыз каттарды каттоо анын милдетине кирген эмес:

- Мен кол койбогонумду 100 пайыз сотко далилдеп бердим. Эч нерсе жоголгон жок. Катты регистрация кылчу 3 киши бар.

Тезекбаев жоопкерчиликти тартыш керек эле деп жаткан Сеиткасым Жээнбеков шаардык соттун жүрүшүндө өзүнө туура эмес күнөө тагылганын айткан:

- Гумжардамды эч ким алган эмес. Бардыгы карапайым элге мыйзам чегинде таркатылган. - деген болчу Сеиткасым Жээнбеков.

Соттук коллегиянын төрагасы Жээнбековду эмки талкууга катыштырууга прокурорду милдеттендирип, сот 7-июлда улантыларын жарыя кылды.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG