Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:41

13:30 Т. Акеров: Кыргызстанда сaясый негизде камоо эрежеге айланды


Мындай пикирин “Таза коом” партиясынын тең төрагасы Табылды Акеров “Замандаш” партиясынын төрагасы Мухтар Өмүракуновдун камакка алынышына байланыштуу билдирди. Т. Акеровдун пикиринде М. Өмүракуновду камакка алынышы ал жетектеген партиянын күзүндө жергиликтүү органдарга шайлоого катуу жүргүзүп жаткан даярдыгы да бирден бир себеп болушу мүмкүн. “Бул М. Өмүракуновду шайлоочуларынанан алыстатуу максаты болду. Бийлик өзүнө жакпаган адамдарга кылмыш ишин козгоо менен аларды четтетүү адатын таап алды. Бул жөн гана саясый оюн”, дейт Т. Акеров “Азаттыкка” берген интервьюсунда. “Замандаш” партиясынын жетекчиси М. Өмүракунов Миграция жана жайгаштыруу мамлекеттик комитетинин статс-катчысы кезинде кызматынан кыянат пайдалангандыгы үчүн айыпталып, Каржы полициясы тарабынан камакка алынган. Айрымдар муну саясый куугунтук катары баалашууда.(MSu)

XS
SM
MD
LG