Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:55

17:15 “Ата Мекен” партиясы Афинада социалисттик интернационалдын жыйынына катышып келди


Партия жетекчиси Өмүрбек Текебаевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда, Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен Кыргызстан алгачкылардан болуп Социалисттик интернационалдын мүчөсү болуп кирди. “Буга чейин Өзбекстандын президенти И. Каримовдун элдик партиясы бул уюмга мүчө болуп кирбей калган экен, Казакстандын социалисттик партиясынын арызы карала элек”, дейт Ө. Текебаев. Аталган конгрессте жер жүзүндө климаттын жылышы, экономикалык жаңы саясат жана коопсуздук маселелери каралды. Ошондой эле Норвегия, Швеция жана Европанынын башка бир катар өлкөлөрүнүн социалисттик партияларынын өкүлдөрү менен жолугшуулар өттү. Ө. Текбаевдин айтымында, аталган уюмга мүчө болуу менен Кыргызстан башка мамлекеттер менен тажрыйба алмашуу жана өзүн дүйнөлүк аренага, башка саясый күчтөргө көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Учурда Социалисттик интернационал уюмуна 150гө жакын өлкөдөн 170 партия мүчөлүк кылууда.(MSu)

XS
SM
MD
LG