Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:55

Тынч жыйын, көчө жүрүштөрүн өткөрүүнүн эреже-тартибин жөнгө салган Бишкек шаар кеңешинин токтому Башмыйзамга кайчы келерин ырастап, Конституциялык сот жараксызга чыгарган. Анткен менен парламент ал токтомдон анча деле айырмаланбаган жаңы мыйзам долбоорун кабыл алып, президенттин кол коюусуна берилген. Жарандык коом менен бийлик ортосунда чоң талашты чакырып келаткан мына ушул укуктук маселенин тегерегинде “Азаттыктын” бүгүнкү “бетме-бет” талкуусунун катышуучулары: парламент депутаты, социал-демократиялык фракция жетекчиси Бактыбек Бешимов менен “Демократия жана жарандык коом үчүн” бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын төрайымы Динара Ошурахунова ой жүгүртүшөт.

Бекташ Шамшиев: - Бактыбек мырза, мына сиз жакында Казакстандын башкалаасы Астанада өткөн Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун жыйынына катышып келдиңиз. Анда талкууланган негизги негизги маселелерге токтоло кетсеңиз.


Бактыбек Бешимов: - Негизги маселе үчөө болду. Биринчи маселе коопсуздук. Экинчи маселе Советтер Союзу урагандан кийинки эгемен өлкөлөрдүн жаңы шартка ыңгайланышы жайында болду. 17 жылдан кийин кандай өзгөрүүлөр болду? Уюмдун төрагалыгына 2010-жылга Казакстанды шайланды. Азыркы учурда ЕККУ төрагалыгын Финляндия аткарып жатат. 2010-жылы ал Казакстанга өтөт. Жыйында Казакстандын өзгөрүшү, жаңылануунун жолдору талкууга алынды. Өлкө төрагалыкка татыктуу деп табылды. Үчүнчү маселе өлкөлөр ортосундагы карым-катышка арналды. Ар бир өлкөнүн башкалар менен өз ара мамилеси анын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.

Бекташ Шамшиев: - Динара айым, сиз Конституциялык сот Бишкек шаар кеңеш чечимин кантип жокко чыгарышына күбө болдуңуз. Мындай чечимге кыргыз бийлиги сөзсүз келиши керек беле же бул анын оппозицияга карата жасаган кезектеги жүрүштөрүнүн бириби?


Динара Ошурахунова: - Бишкек шаар кеңеши токтом кабыл алып жатканда эле каршы чыгып, ал Конституциянын 11-беренесине каршы келерин айтканбыз. Ал беренеде адамдардын тынч жыйын, көчө жүрүштөрүн чыгууга укугу бардыгы белгиленген. Эгер кимдир бирөө ошондой кылгысы келсе жергиликтүү бийликти ал тууралуу кабардар кылып коюушу керектиги айтылган. Башмыйзамда “Мен чыксам болобу?” деген уруксат алуy эмес, “Мен чыгып жатам” деп кабарлап коюш керектигин аныктаган норма бар. Бишкек шаар кеңешинин токтомунда ошол кабарлап коюу керектиги алынып салынып, ордуна уруксат берүү нормасы киргизилип калган. Жыйын уюштурчу, нааразылык иш-чарасына катышчу адам уруксат алышы көрсөтүлгөн. Жергиликтүү бийликтин уруксат бериш-бербеши көрсөтүлгөн. Шаар кеңеш токтому Конституцияга каршы экенин айтып биз көп жерге бардык. Сотторго кайрылдык. Бишкектин райондор ортолук экономикалык сотунан баштап Конституциялык сотко чейин жеттик. Бейөкмөт уюмдардын ушундай укук коргоо аракетинин натыйжасында Конституциялык соттун жогоркудай чечими чыкты деп ойлоп жатабыз. Бул жерде саясий жагдайды да эске ала кетишибиз керек. Бишкекке ЕККУнун утурумдук төрагасы Александр Стубб келип кетти. Конституциялык сот чечими адилет чечим, бирок бул жерде да азыноолок саясат аралашкан болуш керек. Анткени Жогорку Кеңеште Исхак Масалиевдин мыйзамын кабыл алышты. Ал президенттин кол коюлушун күтүп турат. Президент ага кол коюшу керек.

Бекташ Шамшиев: - Бактыбек мырза, айрымдар айткандай, 2005-жылкы бийлик алмашуусунан кийин өлкөнү ар кандай нааразылык билдирүү жыйындары, жүрүштөр каптап кеткен. Болжол менен бир жылда 3000 ашуун, кийинки жылы андан азыраак, ал эми Бишкек шаар кеңешинин токтомунан кийин нааразылык иш чаралар өтпөй калганын бейөкмөт уюмдар айтышууда. Парламентте кабыл алынган И.Масалиевдин мыйзамы нааразылык билдирүүлөрдү чектөөнүн кезектеги амалыбы же ал 1994-жылкы мыйзамга азыноолок өзгөртүү киргизүү аракетиби?

Бакыт Бешимов: - Ошол мыйзамдын демилгечиси И.Масалиев менен аны колдоочулар кайсы ойго таянышты? Кыргызстанга туруктуyлук керек. Экинчи жагынан көчө жыйын, жөө жүрүш өткөрчү адамдар андай маданиятка жетише элек, өлкөгө коркунуч туудуруп жатышат. Анан да биздин саясий маданиятыбыз жетиле элек. Бул дагы коркунучка алып келет. Ошондуктан биз аны чектеп турбасак болбойт дешет. Маселе биздин митингге чыккан адамдарда эмес. Саясатчыларда да эмес. Маселе укук коргоо органдары жана бийликтин мамилесинде турат. Ушул жагынан мен айтат элем, учуру келгенде бул мыйзам да четке кагылат. Анан Динара бул жерде Конституциялык соттун чечимин айтпадыбы. Конcтитуциялык соттун чечимин мен эки жагдайга байланыштуy көрөм. Биринчиси тышкы себеп, азыр бийлик, саясатчылардын текши баары 2010-жылдагы президенттик шайлоого даярдык көрүп жатышпайбы. Шайлоону ЕККУ көзөмөлдөйт. Ошондуктан алардын баасы өтө маанилүү. Экинчиден, Европалык уюм тынч жыйындарды өткөрүүнү чектеген Бишкектин шаар кеңешинин токтомуна өзүнүн каршылыгын билдирген. Аны кыргыз бийлиги четке кага албайт. Анын үстүнө президенттик шайлоо даярдыгы жүрүп жаткан чакта. Дагы бир себеп, бийликтин учуру келгенде пайдаланып коймой ыкмасы бар. Кези келгенде бийлик Д.Үсөновдун кызматын пайдаланды. Ошол митингдерди токтотуш үчүн ал керек болчу. Эми болсо анын кереги жок болуп калды. Анан сан жөнүндө. Эч качан ушунча митинг болду деп коркутпаш керек. Аны мыйзамдуу жолго салыш керек.

Бекташ Шамшиев: - Динара айым, бейөкмөт уюмдар эгер И.Масалиевдин мыйзамына кол коюлуп калса сот аркылуу аны жокко чыгаруу аракетин жасайбыз деп билдирип жатасыздар. Президент буга сөзсүз кол коет деген ишеним барбы?

Динара Ошурахунова: - Биздин жер-жерлердеги активисттерибиз кайрылып, алардын атынан президент К.Бакиевге кайрылуу жибергенбиз. Анда биз бул кабыл алынган мыйзам Бишкек шаар кеңеши кабыл алган токтомдун эле бир варианты экенин айтып жатабыз. Конституциянын 11-беренесиндеги норманы ал кайра эле четке кагып салып жатат. Шаар кеңеш токтому Конституцияга каршы экени ырасталды. Жаңы мыйзам деле Конституцияга каршы келип жатпайбы. Аны биз кечээ бейөкмөт уюмдардын жыйынында да айттык. Түшүнүксүз жери, мыйзам автору Исхак Масалиев мыйзамдын кабыл алынышын мамлекет үчүн күйүп жатканы менен түшүндүргөндүгүндө. “Ушундай митингдер боло берсе мамлекетибизди жоготуп алабыз”, дейт. Биз деле ошондой радикалдуу, экстремисттик митингдерге каршыбыз. Бул мыйзам өткөн жылкы апрель, ноябрдагы митингдерден улам кабыл алынды. Бирок анын аркасы менен жалпы элдин укуктары да четке кагылып кетип жатпайбы. Жөнөкөй пенсионерлер, майыптар, Акүйгө деп келген Чолпонаталык аялдардын да укугу чектелип жатпайбы. Биз деле мамлекет үчүн күйүп жатабыз. Мамлекетти жалгыз митингдерди токтотуп коюу аркылуу сактай албайт. Мамлекетик бийлик органдары өздөрүнүн кызматтык милдеттерин жакшы аткара албай жатышат.

Бекташ Шамшиев: - Бактыбек мырза, мына ушул парламенттин жактыруусуна ээ болгон Исхак Масалиевдин мыйзамы тууралуу ЕККУнун Астана жыйынында кеп болдубу?

Бактыбек Бешимов: - Болгон жок. Ал биздин ички ишибиз. Ошондуктан андай маселелер талкууланбайт. Бирөөлөр эле атайын көтөрүп чыкпаса кеп болбойт. Мына, мисалы, Динара экөөбүз мындан бир ай мурун чогулуп, демилгечилер менен бирге ушул митинг, демонстрация боюнча мыйзам долбоорун караганбыз. Бирок жарандык коом, саясий партиялар, радикалыбы-жөнүбү, иши кылып оппозиция деле демилге көтөрүп бул маселеде биргелешип иштешсек жакшы болор эле. Менимче, болуп калгандан кийин аракет көрүлө баштады. Ага чейин эмне болду? Бул парламентти тааныбайбыз дешти. Мына мен деле айтып жүрөм. Бул парламенттин легитимдүүлүгү шектүү деп. Бирок иштеш керек да. Демократия, эркиндик жагынан пикирлеш адамдар чогулуп, бирге иштеп ушундай маселелерди мыйзам талаасына алып чыкканга аракет жасашы абзел. Бул бир. Экинчи жагынан маселенин башка жагына да баам ташташ зарыл. Кээ бир митингдер мамлекеттин коопсуздугуна шек келтириши мүмкүн. Регионалдык , элди бөлгөн митингдерге кандай чек коебуз? Анан да экстремисттик багыттагы митингдерге кандай чек коебуз? Кыргызстандын түптүүлүгү терең, коопсуздугу ишеничтүү болушу үчүн бардыгыбыз баш кошуп иштешибиз керек. Эч качан улуттук кызыкчылыкты партиянын же коомдун кызыкчылыгына байлабашыбыз керек.

Бекташ Шамшиев: - Динара айым, бейөкмөт уюмдардын тынч жыйын жөнүндө мыйзам долбоорун даярдап парламентке сунуш кылышка мүмкүнчүлүктөрү бар беле?

Динара Ошурахунова: - Албетте, бар болчу. Ушу мыйзам долбоору даярдалып жатканда бизди Жогорку Кеңешке чакырышкан. Ошондо Исхак Масалиев бизге “эгер сунушуңуздар болсо бергиле, мен караштырам” деп айткан. Бирок биз өз сунуштарыбызды киргизгибиз келген жок. Анткени биз жалпы мыйзам долбооруна каршы болчубуз. Биз кээ бир сунуштарды бергенде алар кабыл алышат. Бирок ал сунуштарыбыз кирбей калат.


Бекташ Шамшиев: - Бактыбек мырза, жаңы мыйзамдын айланасындагы талаш дагы узакка созулушу ыктымал. Көпчүлүк адистердин пикиринде бул мыйзам Конституциянын негизги жобосуна каршы келет. Конституция боюнча кабарлап коюу гана жетиштүү болсо мында уруксат алууга көбүрөөк ыктап калганы көп айтылууда.

Бакыт Бешимов: - Ал мыйзам талкуусунда парламентте деле айтылды. Биздин фракция деле мыйзамдын кабыл алынышына каршы чыкты. Дагы талкуулап күздө киргизели дегенбиз. Бирок ошол эле учурда бардык күчтөр коопсуздукту сактайлы десек , демократия жолунда өнүгөлү десек биргелешип иштешибиз керек. Бири бирибизден чочулабай. Динара айтып атпайбы, бизди пайдаланып, өздөрүнүкүн ишке ашырып коюшат деп. Анысы туура. Бирок мыйзам долбоорун жалпы коомдук угууга чыгарса болмок. Бул деген бийлик. Бийлик саясатчыларды оюнчук катары пайдаланат. Мына азыр бийлик шайлоо даярдыгын көрүп, өзүнчө бир бекем моделди кургусу келип жатат. Биз эле бийлейбиз, биздин айтканыбыз болот деп жатат.

Бекташ Шамшиев: - Динара айым, мына ушул мыйзамдагы негизги карама-каршылык көчө жыйынын өткөрүүгө бийликти кабардар кылып коюу маселесине келип такалууда. Конституциялык жобо бул мыйзамда да башкача талкууланып жатат. Мунун себеби эмнеде?

Динара Ошурахунова: - “Келип бизден уруксат сурагыла” дегенди эмне үчүн бийлик абыдан каалап жатат? Бул жерде алар “баары мыйзам боюнча болуп жатса сөзсүз уруксат беребиз” деп жатышат. Бирок 12 күндөн кийин. Эгерде “сот ошондой чечим кабыл алса дагы, дагы башка жөрөлгөлөрдөн өтсөңөр”, дейт. Эгер бирөө даракты кыйып жатса, ошол жердегилер 12 күн күтө алабы? Алар аны күтпөй ошол эле жерде жыйын өткөрүшөт. Бирок алар мэрияга кайрылып, мэрия анан сотко кайрылып, сот 12 күн ичинде өз чечимин чыгаргыча бактын баарын кыйып салат. Бул жерде ушундай бюрократия, ушундай иштер бар экенин көрүшсө адамдар жыйынга чыгышпайт дагы. Конституцияга каршы деп атпайбызбы. Мыйзамда 30 метр, 50 метр деген чек бар. Биздин көчөлөрүбүздүн туурасы 50 метр. Жыйынга уруксат алган адам көчөнүн 30 метр ары жагына турса тиги көчөгө кирип кетип жатпайбы. Ал башка имараттын жанында болуп, мыйзамды бузуп кетип жатпайбы. Бул адам укугун четке каккан норма.

Бекташ Шамшиев: - Анда сөзүбүздү жыйынтыктсак! Маегиңиздер үчүн чоң ырахмат, ишиңиздерге ийгилик болсун!
XS
SM
MD
LG