Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:33

“АТА МЕКЕН” ПАРТИЯСЫ СОЦИНТЕРН УЮМУНА МҮЧӨ БОЛДУ


”Ата Мекен” партиясы Афинада өткөн социалисттик интернационалдын жыйынына катышып келди. Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен Кыргызстан алгачкылардан болуп Социалисттик интернационалдын мүчөсү болуп кирди. Аталган конгрессте жер жүзүндө климаттын жылышы, экономикалык жаңы саясат жана коопсуздук маселелери каралган. Эки кылымдык тарыхы бар Социалисттик интернационал уюмуна мүчө болуусу –“Ата Мекен” партиясы үчүн чоң жетишкендик, деген пикирлер айтылууда.

Социалисттик интернационал уюмунун жыйынында үч маселе: конгрессте жер жүзүндө климаттын жылышы, экономикалык жаңы саясат жана коопсуздук маселелери каралган каралды.

Өмүрбек Текебаевдин айтуусунда социал-демократтардын башка күчтөрдөн айырмалап турган жобо –мамлекет көп көйгөйлөрдү өзүнө алып, мамлекет чечүүгө тийиш, деген жобо. Негизинен социал-демократтар башкарган өлкөлөрдө гидроэнергетика, нефть өндүрүү жана башка кирешелүү тармактардын баары мамлекеттин менчигинде турат:

- Мына ушундай кирешелүү тармактарды менчикке берүү –мамлекетке кандай зыян алып келери акыркы он беш жылдан бери башка өлкөлөрдүн иш жүзүндө белгилүү болуп, көрүнүп турса да, биздин президент мамлекет шалаакы менчик ээси, ал эчнерсени башкара албайт, мамлекеттик менчиктин баарын тез арада сатып бүтүшүбүз керек, деп келе жатат. Мунун өзү элди алдоо, бийликтин кызыл кулактык кылып жаткандыгынын далили болуп эсептелет. Анткени дүйнөдө болуп жаткан нерселерге көз жуумп, жалган мифтерди айтып, “жеке кызыкчылык гана дүйнөнү башкарат, жеке кызыкчылык гана экономиканы өнүктүрөт” деген идеяны элге таңуулап жатат.

Өмүрбек Текебаевдин берген маалыматы боюнча “Ата Мекен” партиясы Социалисттик интернационал уюмунун алкагында бир топ мамлекеттердеги социал-демократ партиялар менен кызматташуу тууралуу бир топ сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн.

Социалисттик интернационал уюму он тогузунчу кылымда пайда болуп, ошондон тарта дүйнөдөгү белдүү бир уюмдардын катарында иштеп келе жатат. Мезгилинде Коммунисттик партия да бул уюмга мүчө болуп кирип, кийинчерээк Коминтерн уюмун түзүп бөлүнүп кеткен.

Кыргызстандын “Ата Мекен” социалисттик партиясы Социалисттик интернационал уюму тарабынан Борбор Азия чөлкөмүнөн таанылган алгачкы социалисттик партия болуп калды. Буга чейин Өзбекстандын президенти Ислам Каримов жетектеген партия уюмга мүчөлүккө талапкерлигин коюп, бирок өтпөй калган. Казакстандын социал-демократиялык партиясынын арызы болсо карала элек.

Кыргызстанда ушул тапта 100гө чукул саясий партия катталган. Айрым байкоочулардын айтуусунда өз күчү менен атын чыгарып, элге таанымал болгон ишмер саясий партияларды санай келсең, беш манжа толбойт. Мына ушундай саясий айдыңдан суурулуп чыгып, эки кылымдык тарыхы бар Социалисттик интернационал уюмуна мүчө болуусу –“Ата Мекен” партиясы үчүн чоң жетишкендик, деген пикирлер айтылууда. Саясат талдоочу Токтогул Какчекеев Социнтерн уюмуна көрүнгөн эле партия мүчө болуп кире албайт, деп эсептейт:

- Биз сыймыктанышыбыз керек, “Ата Мекен” социнтерн уюмуна кошулганына. Анткени ал уюмга бардык эле социал-демократиялык партиялар кабыл алына бербейт. Алардын программасына, демократиялык жөндөмдүүлүгүнө, саясий-маданий жактан өнүккөндүгүнө көңүл бурулат. Социал-демократтар рефолюциялык жол менен өнүккөн, кан төгүүдөн баш тарткан партиялар болуп эсептелет.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG