Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:10

“Замандаш” партиясы төрагасынын камакка алынышына байланыштуу президентке кайрылды. Анда партиянын саясый кеңеши мамлекет башчы Конституциянын гаранты катары бул иштин мыйзам чегинде чечилишине таасир этет деген ишенимин билдиришүүдө. Ошондой эле кайрылуу ээлери М. Өмүракуновдун камакка алынышын адилетсиз, бул ишти эркиндиктеги кадыресе шартта тергеп-тескөөгө болот эле деп эсептешет. “Замандаш” партиясынын жетекчиси М. Өмүракунов Миграция жана жайгаштыруу мамлекеттик комитетинин статс-катчысы кезинде кызматынан кыянат пайдаланды деген негизде Каржы полициясы тарабынан камакка алынган. (MSu)

XS
SM
MD
LG