Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:36

Т.АКЕРОВ: М.ӨМҮРАКУНОВДУН КАМАЛЫШЫНДА САЯСИЙ СЕБЕП БАР


Маектешкен Шайырбек Мукарамов “Замандаш” партиясы бүгүн төрагасы Муктар Өмүракуновдун камалышы боюнча билдирүү жасады. Айрым талдоочулар партия төрагасынын камалышын саясий куугунутук катары баалашууда. Ошол эле учурда коомчулукта бул окуяны саясий себептерге байланыштырууга эч кандай негиз жок деген пикирлер да жок эмес. Ушул жана башка окуялардын тегерегинде “Таза коом” партиясынын тең төрагасы жана Коомдук парламенттин мүчөсү Табылды Акеров “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

- “Замандаш” партиясынын төрагасынын камалышы боюнча сиз кандай ойдосуз. Мунун чын эле саясий себептери барбы?

- Саясий себептен камалды десек туура болот го. Себеби, “Замандаш” партиясы буга чейин өз алдынча иштеп келишкен. 22-июлда булар чет мамлекеттерде жүргөн кыргыздарды бириктирип, курултай өткөрөбүз деген ниеттери бар эле. Мына ушунун алдында камалып атканына байланыштуу, ошол процесттерге кандайдыр бир тоскоолдук көрсөтүү үчүн камап койду десек болот. Себеби, алдыда келе жаткан жергиликтүү бийликтерге шайлоо жана президенттик шайлоолорго карата бизнесмендерге анча-мынча сес берип коелу деген ниетте камалды го деп ойлоп жатабыз.

- Табылды мырза, айрым саясатчылар, ошол эле учурда “Замандаш” партиясынын бийликке буга чейин катуу сын айтканы байкалбаган. Ошондон улам бул окуядан саясий себеп көрүшпөгөнүн айтып жатышат. Саясий куугунтук дегенге канчалык негиз бар сиздин оюңузча?

- Бийликке каршы болбогону менен өздөрүн дайыма центрист катары жарыялап келгени менен булар коомчулукта аябай катуу иш жүргүзүшкөн, өздөрүн пропагандалоо боюнча. Акыркы мезгилдерде күзгү жергиликтүү бийлик органдарына шайлоого өтө катуу дайынданып атышкан эле. Мына, Бишкек шаары боюнча ар бир участок боюнча өздөрүнүн кандидаттарын дайындап, ошол шайлоого катышабыз деген ниетте эле. Дагы бир себеби, булар акча жагынан дагы эч кимге көз карандысыз. Ошондуктан саясий себеп деп айтсак болот. Себеби, 22-июлда да бардык кыргыз мигранттар чогулганда албетте саясий маселелер да каралат. “Замандаш” партиясынын жана “Замандаш” уюмунун кийинки келечеги да каралмак. Ошондуктан, мунун саясий себеп менен эле камалды десек болот. Эгерде саясий эмес деп айтсак, анда аны ушул себептер менен мурда деле камап коюуга болмок. Дал ушул өздөрүнүн пландарына жараша 22-июлга карата камалып аткандан кийин, бул жерде сөзсүз саясий себеп бар деп айтсак болот.

- Айрым талдоочулар болсо мындай саясий ишмерлерди камоо соңку учурда биздин өлкөдө өнөкөткө айланып баратканын айтышууда. Сиздин оюңузча бул окуялардын арты кандай болушу мүмкүн?

- Мындан ары дагы ушундай камоолор көбөйөт. Себеби, биринчи кезекте бул бизнесмендерге сес берүү болот. Мындай саясатчылар эмес, жөнөкөй адамдарды деле анча-мынча сес берип коркутуп коюу бардык эле жерде жүрүп жатат. Мисалы, өзгөчө түштүк регионунда болуп жатканын айтышууда. Акыркы учурда бир-эки үч жерден биз дагы уктук, түндүктө дагы ушундай башталып келатат. Эртең митинг кылабыз же митингге чыгабыз деген адамдарга түнү милиция барып, сабап, коркутуп, мыйзамга дал келбейт деген сөздөрдү айтып коркутуп жаткандыктары угулуп жатат.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG