Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:54

М.ЖУМАНОВ: АЖЫЛЫК САПАРГА ДАЯРДЫКТАР ЖАКШЫ


Маектешкен Шайырбек Эркин уулу, Бишкек Учурда Кыргызстанда быйылкы ажылык сапарды уюштуруу иштери башталды. Ажылык сапарга камылгалар жана андагы өзгөчөлүктөр тууралуу Кыргызстан мусулмандар муфтийи Муратаалы ажы Жуманов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

- Алгач ажылык сапарды уюштуруу иштери кандай жүрүп жатканы тууралуу айтсаныз. Бул иштерди уюштурууда быйыл кандай өзгөчөлүктөр бар?

- Урматтуу мусулмандар, кыргызстандыктар! Быйылкы ажылык сапарынын уюштурууда негизги жоопкерчилик Диний башкармалыгынын, муфтияттын мойнунда. Биз атайын чечим, токтом кабыл алып, ажылык боюнча Сауд Аравиянын ажылык министрлиги менен бирдикте келишимге кол коюлду. Ошондо, быйыл 2008-жылы ажылыкты Кыргызстандан 4 жарым миң киши барууга уруксат алынды. Азыр уюштуруу иштеринин алгачкылары башталды. Алар ажыга алып бара турган ажы башчыларын тандоо. Өзгөчөлүктөрү, былтыркыдагыдан айырмаланып быйыл биз ар бир облуста ажылык боюнча штаб түзүп атыбыз. Ал штабды ажылар жетектейт. Дагы бир өзгөчөлүк, ажыга бара турган адамдар ар бири өзү жашаган район же шаардын борбордук мечитинде каттоо китебине катталып, анан 4 жарым миң орунду облустук казыяттарга квотаны бөлүп беребиз деген максаттар болуп атат. Автобус менен баарууга уруксат берилбейт, бир гана учак менен баруу уюштурулуп атат.

- Бизге жеткен маалыматтар боюнча жергиликтүү казыятаттарга 15-июлга чейин ажы башчыларды тандоо милдети жүктөлгөн экен. Бул өтө эле аз убакыт эмеспи?

- Бул аз убакыт эмес. Кала берсе кээ бир облустар азыр бизге, мына бүгүн 6-7-июль болсо, берип бүткөндөр дагы бар. Али дагы убакыт бар. Он бешине чейин биз атайын убакыт койгонбуз, бул жакшы эле убакыт. Бүт ММКга маалыматтар кеткен. Менимче бул эч кандай көйгөйдү жаратпайт. Биз облустук штабдарга орун бергенбиз, мисалы, Ош облусу 7 киши, Жалалабат облусу 7 киши, ошого карата бөлгөнбүз. Ошол кишилерди тандап, 15-июлга чейин беришет. Анан биз диний башкармадан ошолор ажы башчы болууга уруксат деген кагаз беребиз.

- Ажылык сапар быйыл кайсы убакыта белгиленүүдө?

- Кудай буюрса же 9, же 10-декабрга туура келет, Кураман айт. Бирок ага бир ай убакыт калганга чейин уюштуруу иштери толук аткарылат.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG