Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:45

17:47 Кызылкыя цемент заводунун жумушчуларынын эмнеден ууланганы аныкталды


Бул тууралуу «Азаттыкка» Баткен облустук санэпидкөзөмөл башкармалыгынын башкы врачы Галбай Шерматов 7-июлда кабарлады. Маалымдамада 4-июль күнү Түштүк цемент заводунун 23 жумушчусу тамактан ууланып Кызылкыя аймактык ооруканасына кабылданган. Санэпидкөзөмөлдүн текшерүүсү учурунда жумушчулар цемзаводко жакын жайгашкан жеке ашканада даярдалган макарон азыгынан ууланышканы аныкталган. Уулануу шарттуу потегендик микрофлора, же болбосо уулануунун жеңил деңгээли деп айтылууда. Облустун башкы санитардык врачы Галбай Шерматов бул боюнча жеке ашканага үч миң сом өлчөмүндө айып пул салынганын билдирди. Учурда ууланып түшкөн 23 жумушчунун 21и ооруканадан чыгарылган. (SA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG