Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:05

Кубат Чекиров, Прага Июль айында жайкы эс алуулар башталды, бирок Өзбекстан менен Тажикстанда көп университеттердин студенттери үчүн эс алууга дээрлик убакыт жок. Алардын бир далайы окууга төлөш үчүн жана жашоо- тиричиликке акча табуу үчүн иштеп жатыкан учур. Бирок студенттер үчүн жайкысын иш табуу да оңой эмес, иш табылса да эмгек акысы жарытпайт.

Сахибйар Дүйшөмбүдөгү Улуттук Университетте экзамендерди жаңы эле тапшырып бүттү. Бирок жайында эс алуу азыр анын оюнда жок. Орусияда курулушта иштеп жүрүшкөн бир тууган байкелерине барып кошулуп иштейин деп атат. Сохибйар кара жумуштан качпайт, бирок алыс кетпей эле Тажикстандын өзүнөн иш табылса кана дейт.

«Экзамендер бүтөрү менен Орусияга барып иш караштырам. Мен акча табышым керек. Окууга төлөшүм керек, келерки жылдын тиричилигине керек. Андан сырткары мен ата-энеме да бир аз акча беришим керек. Мага эс алганга же сабактарды кайталаганга дээрлик убакыт жок. Мен Орусиядан иш издеп көрүшүм керек, анткени Тажикстанда мага керектүү акчаны тапкыдай иш жок.”

Минтип сыртка барып иш издөө Тажикстандагы университеттердин студенттери үчүн адаттагыдай эле көрүнүш, Өзбекстан менен Кыргызстанда деле акыбал ушундай. Каруу күчкө жарагандын баарысы иш издеп Орусия менен Казакстанга кетип жатышат. Аларга кошулуп жайкы эс алуу мезгилинде студенттер да жөнөшөт. Кээ учурда сезондук жумуштарга барган студенттер кармалып, окуунун биринчи, экинчи айларын өткөрүп жиберип кечигип келишет.

Алыска кеткиси келбегендер дыйкандарга жалданып иштейт же базарга барып араба сүйрөшөт. Бирок ушундай кара жумуштун да табылыш кыйын. Анткени, тажик жигити Сохибйардын айтымында, иш орундары абдан чектелүү, араба сүйрөйүн десен да башкалардан оңой менен жол тийбейт.

Өзбекстанда бийликтегилер жаштарды социалдык жана каржылык колдоого алуу үчүн «Камолот» («Кырчын») деп аталган кыймыл түзүшкөн. «Камолот» студенттик эмгек бригадаларын уюштуруп, аларды иш менен камсыз кылууга жардам берет. Ушундай жайкы эмгек програмасы үчүн жооп берген Бекзад Мамадкуловдун Азаттыкка айтымында, бул программа өткөн жылы башталганда ага беш миң студент тартылган. Быйылкы жылы программа кеңейип, анын катарындагы студенттердин саны 20 миңге чыкты.

«Студенттик жумушчу бригадалар курулуштарга барып иштешет, мисалы алар унаа жолдорду, темир жолдорду, коллеждерди, мектептерди курушат. Саламаттык сактоо тармагында да иш табылат. Айрымдар чач тарач же өтүкчү да болуп иштеп кетишет. Биз студенттердин каалосу жана мүмкүнчүлүктөрүнө карап иш таап беребиз»,-дейт Бекзад Мамадкулов.

Мамадкуловдун айтымында, жумушчу бригадалардын мүчөлөрү айына 250 долларга чейин акча таба алышат жана күнүнө үч маал тамак менен камсыз болушат.

Ташкентте университетте окуган студент Карим Азаттыктагы маегинде жаштар бригадасына өткөн жылы киргенин, бирок «Камолот» реклама кылгандай жеңил эмес, алда канча оор жумуштар болгонун, бирок убада кылган акчаны төлөп беришпей койгон үчүн көңүлү калганын айтат.

Карим ошондой эле алар жашаган жатакананын элементардык санитардык нормаларга жооп бербегенин жана тамак-ашы да начар болгонун белгилейт.

Бирок ошого карабастан Карим жаштардын жумушчу бригадасына быйыл да кошулду, анткени баары бир акча табыш керек.

Минималдуу эмгек акынын өлчөмү болжол менен 13 долларга барабар, жумушсуздук кеңири жайылган бул өлкөдө студенттер кандай жумуш табылса да качпай барып иштегенден башка аргасы жок. Серепчилердин айтымында, коңшу Өзбекстан менен Тажикстанда коомдун башка катмары сыяктуу эле студент жаштар үчүн да ойдогудай иштеп, ойдогудай эс алганга тийштүү шарт мүмкүнчүлүктөр азырынча жок.
XS
SM
MD
LG