Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:30

КАБУЛДА ИНДИЯ ЭЛЧИЛИГИНДЕ БОМБА ЖАРЫЛДЫ


Кубат Чекиров, Прага Ооганстандын борбору Кабул шаарында Индиянын элчилигинин жанында жан кечти автоунааны жардырып, кырктан ашык адам набыт болду, ондогон адам жаракат алды. Жардыруу элчиликте виза алган көп адам топтошуп турган маалда болгон. Бул теракт окуя үчүн азыр жоопкерчиликти эч ким ала элек. Анткен менен Талибан кыймылы жакындагы таркаткан билдирүүлөрүндө Кабулга кол салууларды көбөйтө турганын эскерткен болчу.

Кабулдун борбордук районунда жайгашкан Индия элчилигинин жанында жанкечтинин автоунаада жардырган бомбасынан кырктан ашык адам набыт болду, ондогон адамдар жарадар болду. Бомба элчиликтин дарбазасынын жанында жарылып, миналанган автоунаа менен кошо эки дипломатиялык автоунаа кошо кыйрады.

Нью-Делидеги расмий булактар жардыруудан Индия элчилигиндеги аскер иштери боюнча атташе, генерал Мехтанын, саясат иштери боюнча кенешчи дипломат Венткатерсвара Раонун да набыт болгонун билдирүүдө. Ошондой эле элчиликтин дарбазасын кайтарып турган жети сакчы, анын ичинде эки индиялык жаран да жардыруудан көз жумушту.

Мындан сырткары жардыруудан элчиликтин жанында виза алуу үчүн кезекте турган карапайым ооган жарандары жана жакын жердеги дүкөндүн ээлери дагы жан таслим болду. Ички иштер министрлигинин өкүлү Хаким Назирдин айтымында, жан кечти Индиянын элчилигин жардырууну көздөп келаткан.

Жардыргыч заттар коюлган Тойота Королла автоунаасы Индия элчилигин алдында жардырылды. Жан кечтинин көздөгөн бутасы Индиянын элчилиги болчу, - деди Хаким Назир.

Ооган президенти Хамид Карзай бул кол салууну айыптап, аны жасагандарды Индия менен Пакистандын достугунун душмандары деп атады.

Исламабадда Пакистандын тышкы иштер министри Шах Мехмуд Кереши дагы Индиянын элчилигине кол салууну айыптап, Пакистан «террордун бардык формасын жана көрүнүштөрүн айыптайт, анткени бул коркунуч бардык адамзат баалуулуктарына каршы», деп билдирди.

Нью-Делиден Индиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Навтеж Сарна кол салууну террордук акция катары айыптап, ал Индияга Ооганстандын өкмөтүнүн жана калкынын алдында алган милдеттенмелерин аткарууга эч качан тоскоол боло албастыгын баса белгиледи.

«Джейн» апталыгынын Делиде жайгашкан кабарчысы Раул Беди "Азаттыкка" сүйлөгөн сөзүндө эми Индиянын өкмөтү Пакистандын коопсуздук кызматтарына доомат коет деген оюн билдирди.

-Бул Талибандын жергиликтүү жоочуларынын колунан келген иш болушу толук мүмкүн. Бул айрым деңгээлде Талибандарга жан тарткан Пакистандагы башкаруу чөйрөсүнүн колдоосу менен болуп жатканын Индия тарап айтат деп ишенем,-деди Раул Беди.

Бединин айтымында, Пакистан кезегинде Ооганстанды талибдерден тазалоого жардам берген. Индия дагы 2001-жылы талкаланган Талибанга каршы күрөшкөн түндүктөгү күчтөргө каржылык жардам берип келген.

Кийин түндүк алянстын күчтөрү өткөөл өкмөттүн чоң кызматтарын ээлегенде Ооганстандын инфраструктурасын калыбына келтирүү боюнча көп контракттар индиялык фирмаларга бериген. Бул Пакистанга жаккан эмес. Индия ошондой эле Ооганстанда бир катар консулдук кызматтарын ачып, индиялык жол куруучуларды кайтаруу үчүн 500 аскер бөлүп берген.

Бүгүн өлтүрүлгөн индиялык аскердик атташе Ооганстандын улуттук армиясында окутуучу болуп иштеген 14 индиялык офицер менен тыгыз мамиледе болчу.

Пакистан өз кезегинде Ооганстан мнен болгон чек арасында жоочулар мене күрөшүү үчүн бардык чараларды көрүп жатканын билдирип келет.

XS
SM
MD
LG