Жылдыз Эргешова парламенттик шайлоо маалында Жалалабат шаарындагы шайлоо чөлкөмдөрдүн биринде кайталап добуш бермек болду деп башка райондун тургунунун паспортун күчтөп тартып алган деп айыпталууда. Жалалабат шаардык соту бул ишти 25-июнда карап жабырлануучу менен күбөлөр келбегендиктен териштирүүнү бүгүнкүгө жылдырган эле. (EBM)