Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:29

УЛУТТУК БУЮМДАР УНУТУЛУП КАЛБАЙБЫ?


Жалалабат облусунда улуттук буюм-кийимдерди тигип, көргөзмөгө койгондорго жетиштүү көңүл бурулбайт. Мындай пикирин облустун Чаткал районундагы «Ыдырыс ата мүрөгү» аттуу ишкананын башчысы эне билдирди. Алтымыш куракка жеткен эне пенсияга чыкпайм, элге кызмат кылсам, Чаткалдагы келин-кыздар жумуштуу болуп, жашоосу жакшырса дейт. Ал эки жыл мурда Казакстандагы кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсүнө катышып, биринчи орунду жеңип алган. Кол өнөрчүлүгүн өркүндөтүүгө каражаттын тартыштыгы себеп болууда. Губернатордун орунбасары облустагы өнөрлүүлөрдүн шыгын арттырууга камкордук көрүлүп жатканын билдирди.

Чаткал районундагы «Ыдырысата мүрөгү» аттуу уюмдун башчысы Байызкан Көчөрбаева эки жыл мурда Казакстандагы көргөзмөгө барган отуз кол өнөрчүнүн ичинен баш байгени уткан. Райондогу турмуш-тиричилик ишканасын жаңылап, койдун жүнүнөн жасалган улуттук буюмдарды Бишкектеги базарларга жарым баасына өткөрүп келет:

- Көп эле аялдар бекерчи, же огород, же башка болбосо эмне иш кылат. Ошон үчүн кол өнөрчүлүккө көңүл бөлүп, көбүрөк инвесторлор тартылып, аларга жардамдар берилсе. Жүн тыткыч машиналардан кыйналабыз. Мен дагы кеңейтет элем. Азыр өзүмдүн атымдан тигүүчү цех курайын деп фундаментин тургузуп атам, - дейт алтымышка чыкса да чарчап-чаалыкпаган эне.

Байызкан Көчөрбаеванын айтымында ыйык пайгамдардын аты коюлган ишкананы өркүндөтүүгө каржылык жактан расмий уюмдардын көңүл бурбаганы себеп болууда. Кымбатчылык менен каражаттын тартыштыштыгынан уюмундагы тигүүчүлөрдүн саны азаюуда. Алар алган маяна менен Чаткалдын шартында жашоо кыйын. Бирок көп жылдан бери жашоосу оор он бир үй-бүлөнү колдоп келатканын айтты Байызкан Көчөрбаева:

- Жетишпестик болуп атат. Бир жактан акча каражатынан жардам берсе жакшы болот эле. Мамлекет тарабынан бизге эч кандай жардам жок. Өзүбүз менен өзүбүз аракеттенип, өзүбүз таап, тытып, ийрип, тигип, сатып атабыз.

Ага улуттук буюмдарын Америка менен Орусиянын Новосибирск шаарына алып барууга чакырык түшкөн. Түрдүү себептер менен ал жактарга барбай калган:

- Азыр биринчи сорт бир кап ун 1850 сом, экинчи сорту 1650 сом болду. Ошону менен кантип жашоого болсун, болбойт. Азык-түлүк арзаныраак болсо дагы жашап кетсек болот эле. Аябай кыйналып атабыз. Майып балдары бар, нан таппай үйүндө отуруп калгандар, көзү көрбөгөн, эшике кирип чыгалбаган кемпир-чалдарыбыз бар. Ошолордун жашоосу өтө кыйын.

Чет элдик уюмдар буюм жасоого даяр жүндү жеткирип берүү жагын өтүнүшкөн. Чаткал жолунун катаалдыгы менен каражаттын таңкыстыгы ал мүдөөлөрдү жүзөгө ашырбай койду:

- Көп эле жактарга чакыруулар болуп атат. Иштегенге донорлордон көп адам чыгып атат. Кийизден жасалган буюмдар азыр өтө баалуу эмеспи. Ошону көп алып келсеңиз болот эле, кийиз чыгарып келсеңиз деле биз сатып алат элек дешет, - дейт райондогу жумушсуз кыз-келиндердин жүгүн жеңилдеткиси келген эне.

Жалалабат облустук бийлигинин жооптуу кызматкерлеринин айтымында Байызкан Көчөрбаеванын улуттук буюмдарды жасап, көргөзмөлөргө катышуусуна жетиштүү шарттар түзүлгөн. Жакында ал облуста көргөзмөсүн койду. Губернатордун орунбасары Дамира Алимжанованын жообуна караганда тигүүчүлөр эле эмес, кол өнөрчү, ырчы-чоорчу, дастанчы аялдардын сынагына оштук ишкер аял жүз миң сомдук байгеси менен демөөрчү болуп берди. Өнөрү ор тартып, улуттук кийим-буюмдарды мыкты жасаган уздар баалуу белектер менен сыйланышты:

- Баш байгеге түстүү телевизор, 5 миң сомдон акча берилди. Келген, катышкан конкурсанттар бирөөсү дагы кур кеткен жок. Кол өнөрчүлөргө, дастанчы, ырчыларга, маданият тармагында болгон бардык таланттарга болгон көңүл буруу деп эсептейм.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG