Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:32

13:30 Моквадагы кыргыздар М. Өмүракуновдун камалышы боюнча кыргыз элчилине кайрылышты


Бул тууралуу Москвадагы “Алатоо” кыргыз диаспорасынын төрага орун басары Ырыскадыр Иманалиев Азаттыкка билдирди. Анын айтымында кыргыздардын “Алатоо”, “Элдик чындык” жана “Жаш толкун” жаштар уюумунан өкүлдөр кечээ Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Райымкул Аттокуровдун кабылдоосунда болду. Алар бул үч уюмдун атынан “Замандаш” партиясынын төрагасы Муктар Өмүракуновдун камалышы боюнча Москвадагы кыргыздардын тынчсыздануусун президентке жеткирүү талабын коюшту. “Замандаш” партиясынын маалымат катчысы Талант Жороевдин билдиришинче бүгүн Астанадагы кыргыз элчилигине да Казакстандагы кыргыздар атынан кайрылуу түшөт. (EK)

XS
SM
MD
LG