Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:40
“Жакынкы мезгилдерде иш сапары менен Кыргызстанга Орусия президенти Дмитрий Медведов келет. Азырынча мындай маалыматты биздин ТИМ да билбейт. Бирок жакында Медведевдин келе турган так мөөнөтүн тактап туруп кабар кылабыз. Орус президентинин эсебине ылайык ал Бишкекке сентябрь айына чейин келип кетиши керек” деп маалымдаган “Белый парус kg” гезити, Медведeв буга дейре Астанада болгонун, Ташкентте боло электигин, бирок казак ММКлары ырасмий Ташкент менен Орусиянын мамилеси сууп кетти деп жанталаша жазып жаткандай, бул деген Орусиянын Ташкенттин алакасы начарлап кетти дегенди түшүндүрбөстүгүн, ал эми орус президентинин Бишкектеги сүйлөшүүсү катуу болорун, айрыкча саясаттын сары эсеби америкалык маселелерге барып буруларын, айтылган убадалардын аткарылышы сураларын, мындан тышкары Бишкек тарабынан аткарылбай келаткан суу-энергетикалык консорциум жөнүндө да бөтөнчө кеп болорун кабарлап, “...ошентип биз Медведдерди күтүп жатабыз” деп шилтеме кылды “Бишкекке келип ким-бирөөнүн мээсин тазалап кетейин деп атам” деген макаласында.

Ушул эле иш сапарга арналган экинчи сөз “РИА Новостиден” көчүрүп жарыяланган Санобар Шерматованын “Маскөө Евроазиянын кесилишине келди” деген макаласы болду. Кабарчы айым Медведовдун Борбор Азия өлкөлөрүнө жасай турган иш сапары бул чөлкөмдөгү саясатты өзгөртө алабы деген суроолор коюла баштаганына токтолуп, ушул айдын башында орус президенти ырасмий сапар менен Түркмөнстанга келип, андан кийин Казакстанга тие кетерин, күзүндөгү иш сапарында болсо КМШ өлкөлөрү менен Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саммити өтө турган Кыргызстан менен Тажикстанга багытталарын, Орусия тараптын башкы көңүлү суу жана энергоресурстарын колунда бекем кармап турууга буруларын, экинчи маанилүү маселе аймактын коопсуздугу тууралуу болорун, анткени Борбор Азиянын төрт мамлекети тең КМШдагы Коллективдүү коопсуздук жөнүндөгү келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдүн катарына кирерин, орус дипломатиясынын бара-бара мына ушул уюмдун эларалык кадыр-баркын көтөрүп, келечекте ШКУ менен НАТОнун кызматташуусуна жетишүүнү эңсеген амбициялык ойлору бар экенин баяндады.

“Кыргыз туусу" гезити өзгөчө Кыргызстандын өлкө башчысы өзгөчө көңүл буруп келатканы менен анын баа жеткис кымбат экенине карабастан канча жылдардан бери карай жаңгакты токойчулар менен токой куруткучтар жайлап келатканын, айрыкча жаңгак токойлору тууралуу көптөгөн уламыштарды коштогон тарыхый маалыматтар барын, тээ илгери эле АКШ президенти Гарри Трумэн Сталинге кайрылып, эгер совет өлкөсү Кыргызстандын жаңгак токойлорун 50 жылга убактылуу пайдаланууга бере турган болсо АКШ СССРдин тышкы карыздарынын кыйла бөлүгүн кечип жиберерин айтканын эске салып, союз учурунда камкордукка алынган токой бүгүн 900 миң гектар аянтка кыскарганын, жалпы 632 миң 500 гектар токойдун ичинен таза жаңгак токою 34 миң 200 гектарды гана ээлеп калганын, жаңгак уюлунун дүйнөлүк баасы кымбат болгондуктан, жаңгак уюлуна жырткычтык менен мамиле Кыргызстанда 93-94-жылдары башталганын, ошол жылдары уюлдарды чет элдиктерге тушкелди сатышканы менен токой чарбасынын казынасына бир тыйын да түшпөгөнүн жазуу менен “Эми эмне кылуу керек?” деп суроо койгон макала, дүйнөнүн бир катар акыл-эстүү өлкөлөрүндө токойлорду мамлекеттик башкаруудан сырткары жамаатташып башкаруу да оң натыйжаларын берип келатканына, мындай тажырыйбаны Польша, Пакистан, Болгария, Албания, Непал өндүү мамлекеттерден көрсө болоруна окурмандардын көңүлүн бурган.

Суу маселесине кайрылган “МСН” гезити бир кезде көчөлөрү гүл жыттанып, айланасын көк-жашыл бак-дарак чулгаган Фрунзе шаары, бүгүн кирдеген, жүдөгөн, жаш көчөттөрү тушкелди олтургузулганы аз келгенсип, анысы каралбай, сугарылбай жатыпжайрап кала берген, арыктары какшыган, суу агызса суу ордуна таштанды аккан Бишкекке айланганын, бардыгы таланып, тонолуп олтурган заманда шаардын совет доорунда жасалган арык түйүндөрү да талкаланып жок болгонун, бүтүндөй борбор калаанын арыктары тургай шаардын бир эле туюк көчөсүндөгү кол жеңиндей жердеги арыкты калыбына келтирүү маселесине Бишкек мэриясынын да, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин да, Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын да алы жетпей койгонун, ушунда улам, демек башкалары тууралуу сөз кылуунун да кереги жоктугун жазып чыкты.
XS
SM
MD
LG