Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:37

ТЕМИР САРИЕВ: АБАЛ ООР БОЙДОН, КӨЙГӨЙЛӨР ЧЕЧИЛБЕЙ КЕЛЕТ


Маектешкен Шайырбек Эркин уулу, Бишкек Кечээ президенттин жардыгы менен Бишкек шаарынын мэри Данияр Үсөнов мөөнөтүнөн мурда бул кызматынан бошоп, өлкөнүн өнүгүү фондунун башкармалыгынын төрагалыгына дайындалды. Ошол эле учурда Бишкек шаар башчысынын милдетин аткаруучу болуп буга чейин Кыргыз темир жол ишканасын жетектеп келген Нариман Түлеев дайындалды. Кадрдык соңку өзгөрүүлөр жана жалпы эле өлкөдөгү коомдук саясий абал тууралуу “Ак шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

- Алгач айтсаңыз, Бишкек шаарынын башчысы минтип чукул алмаштыруунун себеби эмнеде деп ойлойсуз?

- Президент ушундай укукка ээ, эч кандай түшүндүрбөй эле ал алмаштыра берет. Муну биз көрүп келатабыз. Бирок Данияр Үсөновдун Бишкек шаардык мэринин кызматынан кетиши бул мыйзам ченемдүү. Анткени, Бишкек шаары Кыргызстандын экономикасында 60 пайызын түзөт. Экинчиден, көп чоң финансалык акчалардын бардыгы ушул жерде топтолгон. Көрүп турасыңар 8 ай иштедим деп көп нерселерди айтты. Бирок чынын айтканда Бишкекте эч кандай өзгөргөн жок, жолдордун сынганы, мусорлордун турганы, бактардын куураганы жана башка көп нерселер чечилген жок. Тилекке каршы Данияр Үсөновдун сүйлөгөн сөзү менен,кылган иши эч качан шайкеш келбейт. Ошон үчүн бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ал эми Нариман Түлөевдин келиши, мен ойлойм чарбачыл адам келди. Мүмкүн бул бүгүнкү күндө саясатка азыраак киришип, ал эми көбүрөөк Бишкек шаарынын чарбаларын оңдоо үстүндө жүрөт болуш керек. Ишкердүүлүгүн билебиз. Мен Нариман Түлеевди жакшы эле тааныйм. Ойлом, мүмкүн президенттин чечими Нариман Түлеев боюнча туура болду го деп.

- Демек шаар башчынын алмашуусу менен эми ордо калаада кандайдыр бир социалдык-экономикалык жактан өзгөрүүлөрдү күтсөк болобу?

- Күтүш керек. Анткени башка жерде начар болуп атса дагы, Бишкек шаарында акча бар да. Эгер башка жерде акча жоктугунан иш кылынбай жатса, бул жерде шалаакылыктан кылынбай жатат. Экинчиден, келип алып эле ооздорун көптүрүп, аябай көп нерсени сүйлөп жиберишет кээ бир жетекчилер. Бирок кылган иштери жок, көз боемочулукка кетет. Данияр Үсөновдун кылгандарынын баары эле акыркы убактарда көз боемочулук болуп калган.

- Саясатчы катары айтсаныз, өлкөдөгү азыркы коомдук саясий жана экономикалык абалга кандай баа бересиз?

- Саясий абал оор бойдон калып атат. Эң негизгиси бүгүнкү бийликке элдин ишеними жок. Муну жер-жерлерден да, Бишкек шаарынан да көрүп атабыз. Азыр эле “Азаттыкта” айтып кеткен жаңылыктар муну көргөзүп турат. Ал эми экономикалык акыбалдын оордугу албетте бул дүйнөлүк процесс деп атышат. Бирок Кыргызстанда өтө курч көрүнүп атат. Эгер дүйнөдө баалардын өсүшү 10-12 пайызга чейин жетсе, бизде эселеп өсүп атат. Эң негизгиси азыр оруп-жыйуу иштери башталды, буудайдын чогулушу абдан аз. Ар бир гектардан 10-11 центнерден эле чогултуп атышат, кээ бир жерлер чабылбай да калды. Мен ойлоп атам, эгерде былтыр айтып аткандай 200-250 миң гектар жерге буудай айдалды десе, ошондон 10-15 центнерден алса, биз 300-350 миң эле буудай чогултат экенбиз. Ал эми бизге 1 млн. 200 миң тонна буудай керек. 800-900 миң тоннага чейин буудайды биз сатып алышыбыз керек болот, бул биринчиден. Экинчиден, карап көргүлөчү азыр мал базарларында малдын баасынын ылдый түшүшү болуп атат. Ал эми Бишкектеги, башка жерлердеги базарларда эттин баасы ошол бойдон эле туруп атат. Бул дагы туура эмес көрүнүш болуп атат. Азыркы убактарда элдин баары тең чөптүн аздыгынан кышкыга тоют топтой албайбыз деп малдын баарын дүңүнөн сатып атат. Эгер ушундай тенденция кете турган болсо биз ноябрь, декабрь айларында бардык малдын баарын тең бычактын астына салып беребиз дагы, эмдиги жылкыга аз малдын башы менен чыгабыз. Мына ушуга окшогон көп көрүнүштөр болуп атат. Мен көбүнчөсү элет жерине багытталган проблемаларды айтып атам.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG