Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:13

Т.ШАЙДУЛЛАЕВА: ЛИДЕРИБИЗДИН КАМАЛЫШЫН КУУГУНТУК КАТАРЫ БААЛАБАЙБЫЗ


Маектешкен Шайырбек Эркин уулу, Бишкек “Замандаш” партиясынын төрагасы Муктар Өмүракуновдун камалышына байланыштуу окуялардын тегерегинде аталган партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Топчугүл Шайдуллаева кабарчыларыбыздын суроолоруна жооп берди.

- Муктар Өмүракуновдун камакка алынышын айрым саясатчылар саясий себептерге байланыштырууда. Партиянын бул маселе боюнча позициясы кандай?

- “Замандаш” саясий партиясынын бул маселе боюнча расмий позициясын биз кечээ күнү “Замандаш экспресс” маалымат агенттигинде расмий түрдө билдирдик. Муктарбек Өмүракуновдун азыр кармалып турушу, камакка алынышы, сурак берип жатышын “Замандаш” саясий партиясынын саясий кеңеши саясий куугунтук катары баалабайт. Бул жерде айрым негизсиз тактоолорду талап кылган себептер болуп атат. Бул анын мурдагы кызмат ишине байланыштуу маселе болуп жатат. Мына ошондуктан биздин саясий кеңеш Кыргыз Республикасынын президентине атайын кайрылдык. Кайрылуунун негизи бул маселени оң чечип берет деген үмүттү арттык. Эми бул сурак берип жаткан учурда азыр Муктарбек Өмүракунов, бирок сурак берүүнү сөзсүз эле түрдө аны 10 күнгө камап салуу жолу менен эмес, мындай эле эркиндикте сураса боло турган жагдай бар. Мына биз ушул маселени суранып, жардам сурап президентке кайрылдык. Азыр ишенип турабыз. Муктарбек Өмүракуновду 10 камакка алуу жолу менен сурай тургандай ал өтө коркунучтуу кылмышкер эмес. Ал шаардан бир жака качып кете турган инсан эмес. Ал кыргыз элине төбөсү көрүнгөн инсан. Кыргызстан экономикалык жактан кыйчалыш абалга кабылган учурда өзүн өндүрүшкө жанын үрөп, кыргыз экономикасынын бир жак ыптасын көтөрүүгө жумшаган, канчалаган жумушсуздарга кызмат ордун берген, канчалаган маданий кызматкерлерге, спортчуларга меценаттык кылган, социалдык курулуш объектилерине жардамын аябаган адам.

- Сиздин оюңузда Муктар Өмүракуновду камакка алууга канчалык негиз бар эле?

- Бул жерден мен дагы кайталап айткым келет. Бул жерде тапталбаган маселелер бар. Камакка алынышы негизсиз деп эсептейбиз. Аны ачык түрдө, эркиндикте деле финансы полициясы өзүнүн сурагын жүргүзө берсе болмок.

- Сиздердин кайрылууга тиешелүү тараптардан жооп болбосо партиянын мындан аркы кадамдары кандай болмокчу?

- Биз бүгүн үмүттөнүп отурабыз, бул маселе оң чечилет го. Биз атайын президентке кайрылып атабыз. Эгер бул маселе оң жагына чечилбесе анда биз партиянын өзүнүн саясий кеңеши бар, ал кеңеш өзү жыйынын чакырат. Андан аркы кадамдар партиянын саясий кеңешинин жыйынын чечимине жараша болот.

- Бизге жеткен маалыматтар боюнча “Замандаш” партиясы ушул айда чет мамлекеттерде жүргөн кыргыздардын башын бириктирген жыйын өткөрүүгө ниеттенип жаткан экен. Ушул жыйынга даярдыктар кандай болууда?

- Даярдыктар көптөн бери жүрүп жатат. Жыл сайын “Замандаш” ассоциациясы чет өлкөдө иштеп жүргөн эмгек мигранттарынын, диаспоралардын башын кошкон атайын курултайды өткөрүп келет. Мына ошол курултай быйыл Кыргызстанда Бишкекте башталат дагы, Ысыккөлдүн жээгинде улантылат. Бул июль айынын 21нен 23 числосуна чейин өтмөкчү.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG