Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:39

Амирбек Усманов, Прага Чехияда Кошмо Штаттардын радардык станциясын жайгаштыруу жөнүндөгү келишимге кол кою үчүн Прагага бүгүн АКШнын Мамкатчысы Кондолиза Райс учуп келди. Радардык станция, Вашингтондун айтышынча, Кошмо Штаттарды жана анын союздаштарын Иран, Түндүк Корея сыяктуу «кейбир мамлекеттердин» күтүүсүз ракета чабуулунан коргоо үчүн зарыл. Чех өкмөтүнүн америкалык радардык станцияны жайгаштыруу чечимине, соңку сурамжылоолор боюнча, өлкө калкынын үчтөн экиси каршы.

Америкалык радардык станцияны Чехияда жайгаштыруу келишимине АКШнын Мамкатчысы Кондолиза Райс жана Чехиянын Тышкы иштер министри Карел Шварценберг кол койгондон кийин да ырасмий бүткөрүлчү жумуштар көп. Оболу келишимди Чех парламенти бекитиши абзел. Оңчул өкмөт парламентте көпчүлүктү түзбөгөндүктөн, оппозицияны станцияны колдоого көндүрүшү шарт. Андан тышкары станцияны тейлөөчү АКШлык аскерлердин макамы да такталууга тийиш.

Чех өкмөтү жүргүзгөн түшүндүрүү иштерине карабай, шайлоочулардын үчтөн экиси радардык станциянын зарылдыгына ишенбесин социологиялык изилдөөлөр көрсөтүүдө. Оппоненттердин ырасташынча, алар келишимге каршы 100 миң адамдын кол тамгасын чогулткан.

Ушундан улам Райстын Прагадагы визити- эки жак радардык станция боюнча мунасага келгенин гана чагылдырчу жышаан гана.

Вашингтон Чехиядагы радардык станцияга туташ эле Польшада ракета базазын куруу боюнча Варшава менен сүйлөшүп жатат. 3, 5 миллиард долларлык долбоор 2013- жылдан кечикпей же Иран алыс аралыкка жетчү ракеталуу болгонго чейин бүткөрүлөт деп болжолдонууда. Анүчүн, АКШ курулушту келерки жылдан калтырбай баштоону мерчемдөөдө. Бирок, Польша менен сүйлөшүү жай жүрүүдө. Сүйлөшүүнгү тездетүү үчүн Райс айым Прагага келерден мурда Варшавага барганы менен, талашка чекит койо албады. Ортододогу карама каршылыктарга карабастан эки жак келишимди түзүүгө ынтызар экенин Польшанын Тышкы иштер министри Радослав Сикорский 7- июлда Кондолиза Райс менен болгон кездешүүдөн соң маалымдады:

- Ракетадан коргонуу маселесинде биз өз позицияларыбызды тактап алдык. Бизде айрым алгылыктуу идеялар бар. Сүйлөшүү уланууда.

Кабарларга караганда, Польша ракета базасын курса, Россиянын коркунучу өсөрүн айтып, өз армиясын модернизациялоо үчүн Вашингтондон көбүрөөк акча өндүрүп алуунун аракетин кылууда.

Москва Ортолук Европада орнотулчу америкалык антиракеталык система Россиянын коопсуздугуна шек келтирет, дагы бир жарыша куралданууга түрткү болот деп, АКШнын планына каршы чыгууда.

Антиракеталык система, АКШнын айтымында, Европаны жана Кошмо Штаттарды Иран жана Түндүк Корея сыяктуу «кейбир мамлекеттердин» капылет чабуулунан коргоо үчүн зарыл.
XS
SM
MD
LG