Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:57

Кыргызстандагы абак жайларын кармоого зарыл каражаттын 40%, ал эми тамак-ашка керектүү өлчөмдүн 50% гана бөлүнөт. Анткен менен кыргыз бийлиги шектүү адамдарга күнөөсүн далилдеш үчүн күч колдонуп, кыйнап далил топтошпостугун айтып келатат. Кыргызстандын мыйзам сактоо кызматтарында күч колдонуп күнөөсүн далилдөө, дегеле адам укугун сактоо жайында толгон-токой мыйзам бузуулар кездешерин бейөкмөт уюмдар ырасташат.

Кыргызстандын ички иштер министрлигин реформалоо бөлүмүнүн башчысы Шамшыбек Мамыров 2003-жылы Кылмыш кодексине “Кыйноо” тууралуу атайын берене киргизилгенден бери ал боюнча бир да жолу кылмыш иши козголбогонун, күч кызматтарында зордук-зомбулук менен бирөөнүн күнөөсүн далилдөө аракети тыйылганын кабарлады.

- Так, расмий маалыматтарда биздин тергөө органдарында кыйноо деген түшүнүк болбогондугун далилдеп жатат.

Бирок да алдагыдай пикир, “Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдырасулованын ырасташынча, чындыкка анча коошпойт.

- 100% чындыгы жок. 23-июндагы акыркы фактыны айтып берейин. 16 жаштагы баланы кандай кылып кыйнашканын айтып берейин. Алыста эмес, Бишкектеги 13-ГОМдо. Ошол 16 жаштагы баланы чечинтип, алдына бөтөлкө коюп кыйнашыптыр. Ал баланы биз азыр реабилитациялык борбордо дарылап жатабыз. Бала абдан кыйналып, жабыркаган, башына пакет кийгизишкен. Мен ошону мисал катары көрсөтөм. Мына факт. Нарындагы А.Сакеевдин өлүмү боюнча. Акылбек Сакеевдин беш кабыргасы талкаланып, баш сөөгү талкаланып кеткен. Эки сааттын ичинде. Орруканага жетип каза болгон. Бул эмне кыйноо эмей эмне! Айтып аткандары жалган.

2003-жылдан бери Европа коопсуздук жана кызматташуу уюму Кыргызстандын ички иштер министрлигин реформалоо долбоорун ишке ашырууга жарым миллион ашуун евро акча бөлүп, адам укугу боюнча өлкө өзүнө алган милдеттенмелерин аткаруусуна көмөк көрсөтүп келатат. Долбоордун кеңешчиси Владимир Ткаченконун айтуусунда, долбоордун негизги максаты адам укугунун так сакталышына жетишүү.

- Жана да ички иштер кызматкерлеринин өз милдеттерин аткаруу маалында адам укугун бузбай, кыйнап же адам чыдагыс зордук-зомбулукка барбай, адам наркын кетирбей мамиле кылуу менен жазалоого жетишүү.

Бирок да алдагыдай максат-милдетти жүзөгө ашырыш үчүн ириде күч кызматтары реформаланышы зарыл. “Эгль” бейөкмөт уюмунун башчысы Чолпон Өмүрканованын пикиринде, кыйноо көпчүлүк өлкөлөрдө жолуккан орток проблема.

- Оптимист катары кыйноолор толугу менен жоюларына мен ишенем. Анткени мындай жарамсыз ыкма жалаң эле Кыргызстанда эмес байманасы ташыган Европанын айрым өлкөлөрүндө деле жолугат.


“Эларалык сабырдуулук үчүн” коомдук фондунун жетекчиси Рая Кадырова Кыргызстандагы кыйноолор тууралуу жагдайды так билүү кыйын. Себеп дегенде, көпчүлүк абак жайларына укук коргоочулар кире алышпайт, дейт. Ошол себептүү мыйзам сактоо кызматтарынын колуна түшкөн жарандардын укугу кандай сакталып жатканынан кабар алыш кыйын.

- Бизге, мамлекеттик эмес уюмдарга ушул кыйноо проблемалары боюнча эч кандай маалымат берилбейт. Анан да бизди абак жайларга киргизишпейт.

Кылмыш кодексиндеги “кыйноо” тууралуу 305-берененин иштебей жатышы, бейөкмөт уюмдардын ырасташынча, андай фактынын жоктугунда эмес, күч кызматтарынын аталган берененин иштешине куштар эместигинде. Анын үстүнө ушу кезге чейин күч кызматтарынын кандай иштеп жатышкандыгы алар тарабынан ачылган кылмыштардын санына жараша бааланып келатат.
XS
SM
MD
LG