Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:21

Чоң сегиздин тобуна кирген өлкөлөр 2050-жылга карата көмүр кычкыл газынын абага бөлүнүшүн бери дегенде 50%га кыскартууга жетишүүнү макулдашты. Бул тууралуу Чоң сегиздин лидерлеринин быйылкы саммитинин экинчи күнүндө жарыяланды. Мунай жана азык-түлүк баасы кымбаттоосуна байланышкан тынчыздануулар үстөмдүк кылган саммит Жапониянын Хоккайдо аралындагы Тояко курортунда өтүүдө.

Дүйнөдө климаттын өзгөрүшүнө, глобалдык жылуулукка каршы күрөшүү үчүн булганыч газдардын, атап айтканда көмүр кычкыл газынын абага бөлүнүшүн кыскартуу маселеси Чоң сегиздин саммиттеринин күн тартибинде буга чейин эле болгон. Былтыркы самитте АКШ, Британия, Германия, Италия, Канада, Орусия, Франция, Жапониянын лидерлери бул маселеге "олуттуу көңүл бурууну" убада кылуу менен гана чектелишкен эле. Климаттын өзгөрүшүнө каршы дүйнөнүн калкы эң көп өлкөлөрү: Кытай жана Индиянын кызматташтыгысыз натыйжалуу чара көрүү мүмкүн эмес деп эсептеген АКШнын азыркы администрациясы жогорудагыдан ары кеткен билдирүүлөргө буга чейин көнбөй келген.

Эми жапондордун Тояко курортунда түнү боюу өткөн сүйлөшүүлөрдө жетишилген макулдашуу былтыркы убаданы бекемдегендей болду. Саммиттин конок ээси- жапон өкмөт башчысы Ясуо Фукуда кабарчыларга буларды билдирди:

- Чоң Сегиз булганыч газдын бөлүнүшүн 2050-жылга карата кеминде 50%га кыскартуу зарылдыгы жөнүндө бир пикирге келди.

Расмий өкүлдөр жетишилген макулдашууну бурулуш окуя катары баалашууда. Немец канцлери Ангела Меркел аны "олуттуу проресс" деп атады. Ушундай эле ойду Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буштун эл аралык экономикалык маселелер боюнча жардамчысы Дэн Прайс дагы айтты.

Ал эми Еврокомиссиянын президенти Жозе Мануэль Барросонун көз карашында, Чоң сегиздин билдирүүсү Улуттар уюмунун глобалдык жылуулук боюнча жыл соңуна чейин жаңы макулдашууга жетүү аракеттерин колдоочу "күчтүү белги" болду.

Анткен менен Чоң сегиздин макулдашуусун жетишсиз деп эсептеп, сындап жаткандар да бар.

Айлана-чөйрөнү коргоочулар Чоң сегиздин коммюникесинде "көз караштардын окоштугу" жөнүндө гана айтылган, көмүр кычкыл газынын бөлүнүшүн кыскартуу боюнча амбициялуу максаттар кыска жана орто мөөнөткө да белгилениши керек деп эсептешет. Алар ошондой эле кыскартуу үчүн негиз катары кайсыл жыл алынары көрсөтүлбөгөнүнө нааразы. Жапайы жаратылыштын дүйнөлүк фондунун өкүлү Ким Карстенсен саммиттеги макулдашууну "текке кеткен" мүмкүнчүлүк деп мүнөздөдү.

Чоң сегиздин лидерлери да бир нерсени - баарын эле өз эсебинен жасай албай турганын ачыкташкандай болду. Жапон өкмөт башчысы Ясуо Фукуданын айтымында, эгер дүйнө глобалдык жылуулукту төмөндөтүүгө олуттуу маани берсе, буга өнүгүп келе жаткан өлкөлөр да өз салымын кошуусу абзел:

- Бул узак мөөнөттүү максатка башка негизги булгоочулардын салымысыз жете албашыбыз өзүнөн өзү эле түшүнүктүү.


Чоң сегиздин коммюникесинде алар булганыч газдардын абага бөлүнүшүн кыскартуу боюнча милдетти орундатуу үчүн Улуттар уюмунун тиешелүү конвенциясына кол койгон 200дөй мамлекет менен бирге иштери айтылган. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөр арасынан айлана -чөйрөнүн ири булгоочулары катары эсептелген Бразилия, Кытай, Индия, Түштүк Африка, Мексиканын лидерлери менен Чоң сегиздин лидерлери эртең жолуккан жатат.

Бул беш өлкөнүн көз карашында, байгер мамлекеттер азыр белгиленген максаттан да ары кетип, абага бөлүгөн газдын өлчөмүн кылымдын ортосунда 85-90%га чейин кыскартуусу абзел. Алар Чоң сегизди көмүр кычкыл газынын бөлүнүшүн 2020-жылга карата 1990-жылдын деңгээлинен 25-40%га кыскартуу жөнүндө орто мөөнөттүк максат белгилөөгө үндөштү. Мындай максатсыз Чоң сегиздин макулдашуусу, Түштүк Африканын айлана–чөйрөнү коргоо министри Мартинус ван Схалкивиктин сөзү менен айтканда, "куру чакырык " болуп калат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG