Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:58

“АНДАШ” АЛТЫН КЕНИНИН ТЕГЕРЕГИНДЕ ЧАТАКТАР УЛАНУУДА


Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 5 депутаты Талас районуна караштуу Көпүрөбазар айылына барып “Андаш” алтын кенинин тегерегиндеги чатактар боюнча жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Депутаттар “Андаш” компаниянын жетекчилиги жергиликтүү тургундар менен тиешелүү деңгээлде иш алып барбагандыктан жана аларга маалымат толук бербегендиктен калк тарабынан нааразычылыктар көп болууда дешсе, компаниянын кызматкерлери депутаттардын мындай пикирин четке кагууда.

Талас районуна караштуу Көпүрөбазар айылынын түндүк жагында “Андаш” компания алгачкы изилдөө иштерин 2004-жылдын аягында баштаган. 2005-жылы аталган айылдын тургундары компаниянын иштешине каршы пикирлерин билдире башташкан. Жергиликтүү тургундардын нааразычылыгы митинг, пикеттер менен аяктаган учурлар да болгон. Кендин жабылышын көздөгөн лидерлер бийлик тарапан куугунтукталып, саясий качкын катары чет мамлекетке да чыгып кетишкен.

Ушул жылы 2-июль күнү Жогорку Кеңештин депутаттары Талас району Көпүрөбазар айылына барып, алгач «Андаш» кени кандай иштетилип, казылаарын, өзөндөрдү кыдырып, зыян сакталуучу жай курула турган жерге чейин барып көрүштү. Андан кийин ошол айылдын ортосундагы клубда жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрүштү. Жолугушууда экономикалык, экологиялык маселелер компаниянын иштешине каршы жана анын ачылышын көздөгөн адамдар тарабынан кыйкырык менен айтылып жатты. Компаниянын жетекчилиги компаниянын иш пландары тууралуу элге жана депутаттарга кыскача маалымат беришти.

Жыйындын соңунда Кыргызстан Коммунистер фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Анаш Сейтказиев «Андаш» компаниянын жетекчилиги жергиликтүү тургундарды экиге бөлбөстөн, эл менен жакшы иштешсе мындай нааразычылык болбойт эле деген пикирин «Азаттыкка» билдирди:

- Мына 500-600дөй адам сүйлөдү. Ошонун канчасы сүйлөп жатты, баары тең эле бир ооз сөз болсо да ишенсе болот эле. Бирок булардан башында эле кемчилик кеткен деп мына аксакалдар айтып жаты. Бизди көңүлгө албай койду, биз менен акылдашпай койду, бир топ адамдар менен эле баягы бул маселени чечип алган. Ошон үчүн биз болсо эч бир иштетпейбиз деген талапты коюп жатышат.


«Андаш» компаниянын коомчулук жана массалык маалымат каражаттар менен иштешүү боюнча адиси Эрмек Үмөтов Жогорку Кеңештин депутаттары айткан дооматка каршы пикирин билдирип, бул жерде айрым бир бай адамдардын эле уюштурган иштеринен жергиликтүү тургундар компаниянын жабылышын талап кылышууда дейт:

- Айыптары туура эмес. Себеби дегенде компания элден түшкөн ар бир суроого, талапка колунан келишинче жооп берип, элди маалымат менен жабдууга аракет кылып жатат. Андан тышкары өзүңөргө белгилүү бул жерде экологиялык маселе болобу, экономикалык маселе болобу ошолор боюнча туура талапарды коюуга биз үйронүшүбүз керек. Эми бул жерде ачык айтышыбыз керек бир азыраак адамдардын тобунун уюштуруп элдин баягы ой пикирин туура эмес нукка буруп жаткандыктан да болуп жатат.

«Андаш» кенинин жабылышын 3 жылдан бери талап кылып, элдин атынан Республикалык жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кайрылып келген Ороз Курамаев бийлик өкүлдөр элдин тагдырын оюнга айлантпай терең карашса деп үмүттөнөт:

- Буга чейин бир канча комиссиялар келди. Бирок эч кандай жыйынтык чыгарбай эле, өз оюндарын гана жасап кетишти. Биз көз карандысыз эксперт менен катышып ошол жерде зыян сакталуучу жай туура эмес курулуп жатат деп чечим чыгарганбыз. Ошого карабастан булар биздин чечимди, көз карадысыз эксперттердин чечимин көрсөтүп, ошондой эле булардын кылган иштери туура эмес деп айтып жатсак дагы эч кандай чечим чыкпай жатат.

Бул кырдаал боюнча серепчи катары көптөн бери Таластагы ар кандай кендер боюнча иштеп келе жаткан «Айкөл» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Гүлмира Темирбекованын айтымында, жергиликтүү депутаттар өздөрүнүн ишин толук билсе «Андаш» компаниясына өз талаптарын кенен кое алышмак:

- Жергиликтүү Кеңештин депутаттары баардыгы силердин колуңарда. Кал тургундар түшүнүш керек. Компания бир ишти баштаарда анын ичинде «Андаштагы» эң биринчи жергиликтүү Кеңеш тараптан аларга жер бөлүштүрүлүп берилиши керек. Мына ушул жерде баардык көйгөйлөр башталууда. Эгер жер бөлүштүрүү иштери жең ичинен чечилсе ошол таптан баштап чатактар башталат.

«Андаш» компаниясы Андаш кенин иштетүүгө жалпы эсеп менен 2 миллиард 220 млн. сом инвестициялоону көздөп келүүдө. Бүгүнкү учурда компаниянын жетекчилигинин маалыматы боюнча анын 703 млн. сому инвестицияланды. Анын ичинде 2006-жылдан баштап республикалык бюджетке салык катарында 18 млн. сом жана жергиликтүү бюджетке бир жарым млн. сом которулган. Жакынкы арада Көпүрөбазар айылынын «Андаш» компаниясы пайдалана турган 649 гектар аянтка 1 млн. 95 мин. сом жер салыгы которулушу күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG