Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:28

АКШ МЕНЕН ЧЕХИЯ КЕЛИШИМ ТҮЗҮШТҮ


Чехияга АКШнын радар станциясын жайгаштыруу боюнча Прага менен Вашингтон келишим түзүштү. Бул станция – АКШнын ракетадан коргонуу системасынын Европадагы элементтеринин негизги бөлүгү эсептелинет. Вашингтон аны континеттеги союздаштар үчүн “чогоол” режимдердин ракеталык күтүүсүз жапырыктарынан коргогон “чоң калкан” болуп калат деп эсептейт.

Документке эки өлкөнүн тышкы саясий мекеме башчылары кол коюшту. АКШ мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс түзүлгөн келишим союздаштарды жалпы туш болгон коркунучтан коргой турганын белгиледи жана аларга башкы кооп кайдан туулуп жатканын да атайын тактап өттү. “Биз - биздин союздаштар менен досторубуз да – ирандыктардын күчөп бараткан ракеталык коркунучуна кептелдик, анын чабыты улам узарып жана тереңдеп, Ирандын ядролук технология жагынан обуру ооздукталгыс болуп баратат”, - деп айтты АКШнын мамлекеттик катчысы.

Райстын пикирине Чехиянын тышкы иштер министри Карел Шварценберг толугу менен кошулду. “Бул келишим Чех республикасынын гана эмес, бүткүл Евроатлантикалык аймактын коопсуздугун чыңдайт”,-деп билдирди ал. Министр кол коюлган документти мааниси жагынан Евросоюздун Лиссабон келишимине теңештирди. “Эки келишим тең биздин мамлекеттин коопсуздугун кепилдей турган түпнегиз экенине ишенем”,-деп кошумчалады Шварценберг.

Радар станциясынын курулушун Вашингтон эмдиги жылы эле баштоону пландап жатат. Ага чейин келишим чех парламентинин ратификациясынан өтүшү керек. Мындан тышкары тараптар радар станциясын тейлей турган америкалык аскери персоналдын статусун аныктоого тийиш. Бул маселени өзүнчө макулдашылат.

Чехиядагы радар станциясына кошо АКШ Польшага да ракеталык база кургусу келет. Эгер тараптар макулдашууга жетишсе, ал Европадагы системанын экинчи маанилүү элементи болуп калат. Бирок Варшава азырынча келишим түзүү ишин кечеңдетип жатат.

Айрым кабарларда кокус Польша менен мунаса табылбаса,анда он ракетадан турган базаны Вашингтон Литвага жайгаштырууну караштырып жатканы айтылган эле. Бул маалыматты Вашингтон төгүнгө чыгара элек.

Прагада кол коюлган келишимге биринчи болуп Москва өз мамилесин билдирди. Орус тышкы иштер министрлиги кечээ таркаткан билдирүүсүндө Кошмо Штаттары өзүнүн ракетадан коргонуу системасын Европага жайгаштырган учурда Россия буга дипломатиялык эмес, аскери-техникалык чаралар менен жооп кайтара турганын эскертти. Москва Вашингтонду быйыл майда Сочидеги жогорку деңгээлдеги жолугушууда жетишилген макулдашууну бузду деп айыптады.

“Эркин Европа” жана “Азаттык” радиосунун баш кеңсесинде болгон кезде Кондолиза Райс Кошмо Штаттары өзүнүн ракетадан коргонуу саясатында Россиянын коопсуздук таламдарын эске аларын жана дүйнөлүк коркунучтарга каршы күрөштө Москва менен натыйжалуу кызматташууга үмүттөнө турганын айткан эле.

XS
SM
MD
LG