Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:55

7:25 Ө. Текебаев: Оппозиция президенттик шайлоого карата бирдиктүү программа түзө элек


Дагы алдыда убакыт бар, деп билдирди “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев “Таңкы Азаттыктагы” маегинде. Текебаев Жогорку Кеңештин төрагасы Айтибаев Тагаевдин кечээ Баткенде президенттик шайлоодо Бакиевди колдоого үндөп киришин аймактагы элди аракетке келтирүүнүн акыркы айласы катары сыпаттады. “Ата Мекендин” лидери партиясындагы иштер учурда кыйын шарттарда жүрүп, жер-жерлерде карапайым мүчөлөрү куугунтукталып жатканын айтты. Ошол эле тапта бийликчил “Ак Жол” партиясы мыйзамды эрөөн-төрөөн албаганын кечээ эле Баткендеги жыйында аскерлерди аралаштырып, губернатор баштаган облусттук аткаминерлер жумуш маалында жыйынга катыштырылганын мисал кылды. Ушундан улам келерки шайлоолор, саясий атаандаштык мыйзам бузуулар менен коштолоору, элдин пикири менен эсептешпей өтө тургандыгы бүгүн далилденип калды, деди Текебаев. (EBM)

XS
SM
MD
LG