Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:07

Зимбабвенин президенти жаңы өкмөттү түзүүгө даяр


Зимбабвенин президенти Роберт Мугабе оппозициялык партиялардын катышуусу менен жаңы өкмөттү түзүүгө даярдыгын билдирди. Өлкөнүн тышкы иштер министри Симбараш Мумбенгегви жаңы өкмөткө оппозиция лидери, президенттикке мурдагы талапкер Морган Цвангираи кирип-кирберин айткан жок. Маалым болгондой, Зимбабведе өткөн президенттик шайлоодо азыркы президент алдыга озуп чыкканы айтылганда, өлкөдө башаламандыктар орун алып, оппозиция лидери Морган Цвангираи шайлоонун экинчи айлампасына катышуудан баш тарткан. Натыйжада Роберт Мугабе кайрадан президент болуп шайланган. АКШ жана башка бир катар өлкөлөр президенттик шайлоону мыйзамсыз өттү деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG