Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:08

Чехияга АКШнын радар станциясын жайгаштыруу боюнча Прага менен Вашингтон келишим түзүштү


Кечээ Прагада келишимге АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс менен Чехиянын тышкы иштер министри Карел Шварценберг кол коюшту. Эми бул келишим чех парламентинин ратификациясынан өтүп, президентке кол коюуга жиберилмекчи. Прагада кол коюлган келишимге биринчи болуп Москва өз мамилесин билдирди. Орус тышкы иштер министрлиги кечээ таркаткан билдирүүсүндө Кошмо Штаттары өзүнүн ракетадан коргонуу системасын Европага жайгаштырган учурда Орусия буга дипломатиялык эмес, аскери-техникалык чаралар менен жооп кайтара турганын эскертти. Пентагондун өкүлү Брайан Уитмэн болсо, радар станциясы ракеталык күтүүсүз жапырыктарынан коргогон “чоң калкан” болуп каларын билдирди.

XS
SM
MD
LG