Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, сүрөтчү Адылбек Байтерековдун көргөзмөсү Москвадагы Зураб Церители атындагы маданият галереясында ачылды. Ачылыш аземине Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Раимкул Аттокуров, орусиялык белгилүү маданий ишмерлер жана кыргыз диспорасынын өкүлдөрү катышты. Көргөзмөдө сүрөтчүнүн алтымыштан ашуун эмгектери эл сынына коюлган. (AiJu)