Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:28

14:50 Монополияга каршы агенттик жүргүнчүлөрдүн укуктары бузул жатканын аныктады


Кардарлардын укуктарын коргоо боюнча инспекциялык топ жүргүнчүлөрдү ташуу кызматынын мыйзамда каралган талаптары тууралуу маалымат берүү, жүргүнчү ташуу кызматынын сапаттуулугун текшерүү өтүнүчү менен мамагенттикке кайрылган. Анын негизинде агенттик “Кардарлардын укуктары ” жөнүндө мыйзамдын бузулушун токтотуу тууралуу жүргүнчү ташуучуларга көрсөтмө берди. Инспекциялык топту түзүү демилгесин көтөргөн “Интербилим” борбору билдиргендей, мамагенттик текшерүү жүргүзүп, анын жыйынтыгы боюнча жүргүнчү ташуу кызматы төмөн деңгээлде болуп, коопсуздук боюнча талаптар аткарылбай жатканы аныкталган. Монополияга каршы агенттик жүргүнчү ташуучуларга кетирген кемчиликтерин жок кылуу үчүн июль айынын аягына чейин мөөнөт берди. Көрсөтмөлөр аталган мөөнөттө аткарылбаса агенттик жүргүнчү ташуучуларга айып тагып же алардын жүргүнчү ташуу тууралуу лицензиясын токтотуу чараларын көрөөрүн маалымдады.(MSu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG