Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:53

БОЙГО БҮТӨЛЕК, БҮТСӨ ДА ТӨРӨЛӨЛЕК, ТӨРӨЛӨРҮ ДА КҮМӨН


Кыргызстандын энергетиктери элди таңкалтыруу жагынан алдына адам салбай калды. Өткөн жумада электрэнергиясынын баасын эмне үчүн мынча кымбаттатыңар деп сураса, “Вечерний Бишкек” гезити аркылуу жооп берип жаткан атка минер айтып атпайбы, өкмөттүн Камбар Ата-2 ГЭСинин курулушуна кетчү чыгымдарды жабуу үчүн ушундай жолдорго баргыла деген тапшырмасы бар деп. О, кудай алкагыр, көрсө кайран эл курулуп бүтүп ток берелек, бермек тургай кайсыл жылы, качан курулуп бүтөрү белгисиз, балким курулуп да бүтпөй кала турган ГЭСтин свети үчүн акча төлөй баштаган экенбиз да. Ал эми ушул жылдын 15-январында Бишкек мэри Данияр Үсөнов президент Бакиевге Камбар Ата –2 ГЭСин куруу үчүн шаар бюджетинен 100миллион сом бөлүндү деп айтканы эсиңердеби? Көрсө 100 млн. сом эмес 100 тыйын да которулбаптыр. Мэр Данияр телевизор аркылуу калайык-калкка карандай калп айтып, өзү эле калпычы болуп тим болбой, президентти да жалганчы кылып жайлап кетиптир деп жазган “Дело №...” гезити, акыры болор иш болгонун, Д.Үсөнов кызматынан бошотулуп, КР өнүктүрүү фонду деп аталган эмеге башкармалыктын төрагалыгына дайындалганын, фонддун деректирлер кеңешинин башында Улуттук Банк төрагасы Марат Алапаевдин турганын эске алганда, Данияр мырза болгону бул структурада номуру экинчи адам болуп калганын, совет доорунда мындай кызмат даражасы иштен жоготуучу адамдардын сүргүнгө сүрүлгөен орду катары эсептелгенин, кыскасы Д. Үсөнов Бишкектин мэри катары таптакыр эле ишке жөндөмсүздүгүн, иштин көзүн тургай, өзүн билбестигин көрсөткөнүн, анын ишмердүүлүгүн күндөн күнгө кебетеси кетип бараткан борбор шаар даана сездирерин, Д.Үсөнов вице-премьер-министр болуп турганда да шилекейин ылгабастан оңго-солго чачыратып дүкүлдөп турганын, айтор анда көрүнгөн чуудан, көбүргөн сөздөн башка эчтемеси жоктугун кеп кылды..

Ошол эле убакта өлкөдөгү ашкере бай, ишкер, буга чейин өзгөчө кирешелүү тармак болгон бүтүндөй өлкө темир жолунун баш деректири болуп келген Нариман Түлеевдин шаар мэринин милдетин аткарууга дайындалышы абыдан күтүүсүз болгондугун, артында Кытайга темир жол салмакчы болгон өтө зор долбоору калганын, анын эми борбор шаар үчүн пайдасы тийерин билсе бир президент, бир президенттин админстрациясы гана билерин, айрым бир маалыматтарга караганда күзүндө шаар кеңешине шайлоо болорун, ошого өз адамы керек болорун, анын үстүнө убакыт деген эме да убайга салып, президенттик шайлоо кирип келатканын, эгер шаар башчылары ушинтип эле жалаң саясый садага үчүн дайындала берсе, анда бечара Бишкек дүйнөлүк деңгээлдеги борбор болотту мындай кой, бүгүнкүдөй таз кейпинен эгерим кутулбайт деп жазды.

Ал эми “Аргументы и факты в Кыргызстане” гезити Казакстан тарап Камбар Ата-1 ГЭСин куруу тендерине катышуу ниетин билдиргенин, жаңы окуу жылынан баштап окуу акысы кымбаттаарын, буга дейре бир студенттин окуу акысы 5 миңден 30 миң сомго чейин болсо, сентябрдан баштап эң арзан деген контракт күндүзгү бөлүмдүкү 15 миң сом, сырттан окуу бөлүмүенүкү 13 миң сом болгонун, буга байланыштуу жогорку окуу жайларындагы окутуучулардын маянасы 20 пайызга көбөйтүлөрүн кабарлады.

Ушул эле гезит мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн өкмөт 12 миллион сом бөлгөнүн, бул өткөн жылдагыга салыштырганда эки эсеге көптүгүн, бөлүнгөн каражат биринчиден мамлекеттик тилди тереңдеп жайылтуу үчүн компьютерлештирүүгө мүмкүндүк берерин, ошону менен бирге эле акаджемик К. К. Юдахиндин 55 миң сөздөн турган орусча-кыргызча, 50 миң сөздөн турган кыргызча-орусча сөздүктөрүнүн электрондук үлгүсүн чыгарууга жумшаларын, антип компьютерлерди кыргызчалатпаса Мамтил боюнча улуттук комиссия төрагасы Ташбоо Жумагулов айткандай, орус арибине салып “Иду домой” дегенди кыргызча которуп, орус тамгалары менен жазганда “Уйга барам” же “Иду к корове” болуп каларын, бул таза шылдың катары угуларын баяндаган.
XS
SM
MD
LG