Жетим, инвалид, көчөдө калган жана колунда жок үй-бүлөөлөрдөн бир миң төрт жүз өспүрүм орто окуу жайга өтүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Мындан тышкары өкмөт тарабынан социалдык жактан аз камсыз болгон 1100 баланын жайкы эс алуусун уюштуруу каралган, бул сан былтыркыга караганда жыйырма пайызга жогору. (AiJu)