Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:46

16:20 “Кумтөр эл айкын” фондусу: К.Исабековдун “Кумтөр” ишканасы жергиликтүү элди сатып алды дегени чындыкка оошпойт.


Бул тууралуу Жети-Өгүз районунун беш айылынын тургундары билдиришти. «Кумтор эл айкын» фондусунун жетекчиси Нуржамал Эралиеванын айтымында, депутат Кубанычбек Исабеков “Кумтөр” ишканасы элдерди сатып алып жатат” деп билдиргени жергиликтүү тургундардын абийирине шек келтирди. “Ошондуктан биз К. Исабеков кечирим сурашын талап кылабыз”, дейт Н.Эралиева. Жети-Өгүз районунун беш айылынын 20дай үйбүлөөсүнө ишкана кунаажын берген. Жети-Өгүз райкеңешинин депутаты Жакен Шамыралиев бул - элди сатып алуу эмес, колунда жок, жакыр үйбүлөөлөргө жардам берүү болгон дейт. Өз кезегинде парламент депутаты К. Исабеков ишкана элди сатып алып жатат деген маалымат таратпаганын айтып, колунда жокторго жардам берилип жатканына каршы эмес экендигин жана кечирим сурабастыгын билдирди. “Менин айтканым, ишкана эмне үчүн салыктарды төлөбөйт, жалпысынан 1млдр 270миң сом өлчөмүндө каражат төлөнгөн эмес”, дейт депутат.(MSu)

XS
SM
MD
LG