Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:51

Кубат Чекиров, Прага Жапониянын борбору Токиодо бүгүн ишин аяктаган Чоң Сегиздиктин саммитинен геосаясаттагы орчундуу маселелер боюнча омоктуу чечимдер чыгышы арсар деп эсептешет айрым серепчилер. Алардын баамында, Чоң сегиздиктеги лидерлер глобалдык стратегияны иштеп чыкканга дагы эле тиштери өтпөй турат.

Өнөр жайы өнүккөн, экономикасы кубаттуу өлкөлөрдүн жетекчилери чогулган Чоң Сегиздиктин жогорку деңгээлдеги жолугушуусуна көз салып турган эл аралык коомчулук күн тартибиндеги проблемаларды чечишет деп адатта кудуреттүү саясий ишмерлердин үркөрдөй тобуна чоң үмүт артаар эле. Бирок бул жолу андай нерсе байкалбайт, дейт Азаттык/Эркин Европа үналгысынын берүүлөр боюнча директорунун орун басары Ненал Пейич.

Чоң сегиздик лидерлери бул сапар (7-9-июлда) Жапониядан кезигишти. Глобалдык энергетика базары колдон чыгып, азык-түлүктүн баасы асмандап, климаттык өзгөрүүлөр күчөп жаткан учурда чоң сегиздик бул убайым маселелерди чечээр деп күткөндөр да, көйгөйлөрдү үстүртөн карамыш болгондон башка кыйраткан иш жасап жибербейт, деген дагы пикирлер да бар. Алардын жүйөөсүндө, Чоң сегиздик дүйнө үчүн азыркы оор учурда дагы баягы эски ооруларынан оңоло элек.

"АКШнын президенти Жорж Буш менен орус президенти Дмитрий Медведев Жапониядагы Чоң сегиздиктин саммити маалында өзүнчө жолугушканда, айрым маселелер боюнча келише алды, кайсы бир маселеде тил табышкан жок. Деги андан башка эмнени күтүүгө болот эле?"-деп суроо салат Ненал Пейич.

Маселен Бушту алып көрөлү. Кызмат мөөнөтү аяктарына алты ай калган, иш бедели кыйла түшүп калган бул саясатчыга дүйнөнүн кызыгы таркады, ишеними соолуду. Соңку жолу Европаны кыдырганда анын сапарына маалымат каражаттары жакшылыктуу деле көнүл бурушкан жок. Ал түгүл адатта ал барган жерге чогула калчу каршылык топтору да көрүнгөн жок. Бир немис гезити Бушту олуттуу кеп кылууга такыр татыбайт деп жазып чыкты.

Өлкөсүн бир эмес эки согуштун чеңгелине салып, экономикасынын эсин оодарган Буш Америка тарыхында эң начар президенттердин бири катары сынга алынууда. Дүйнө эли эмитен эле Буштан кийинки тирчилик тууралуу баш катырууда. Анын азыркы турумунун дээрлик мааниси жок, ал глобалдык лидер катары жол баштаганга же глобалдык стратегияны иштеп чыкканга кудуретсиз.

Андан кийинки Орусиянын жаш президенти Медведевди алалы. Ага үмүттүү карагандардын баамында, эки ай мурун бийликке келип жатканда Москвадагы либералдык идеяларды сап кармаган саясатчы катары сезилген. Путин тандап алган мураскор болсо дагы ал демократия, адам укуктары, укук тартиби принциптерин карманып иш кылат деген илгери үмүт бар болчу. Бирок Медведев баары бир Путин жараткан саясатчы болуп саналат. Медведев коррупцияга каршы күрөш жана укуктук нигилизм Орусияда көйгөйлүү маселелер бойдон калууда деп омоктуу ой айткансыган менен, бирок ошол эле учурда ал саясий түстө деп шек туудурган ири кылмыш иштерин көрмөксөнгө салып коюуда. Путиндин саясий амбицияларынан жазганбай, анын бийлигине кулдук урбаганы үчүн түрмөгө салынган ЮКОСтун мурдагы кожоюну Михаил Ходорковскийдин мойнуна мыйзамсыз жана жасалма айыптоолордун дагы бир сыйыртмагы салынган турат.

Медведев Чоң сегиздикке жаңы күч-дем алып келип, жаңы үмүт жараткандын ордуна ал кайра Кремлдин баягы эле эски оюнун ойноп баштады. Ал Путинсиз бир дагы чечим чыгара албайт, Путин болсо Жапонияга келген жок, дешет серепчилер.

Батыш Европа өлкөлөрүнүн лидерлеринин көрүнүшү дагы көзгө толбойт,-дейт Пейич. Француз президенти Никола Саркози киножылдыздын атагына барабар саясий күү-шаа менен бийликке келген. Бирок соңку айларда ал өзүнүн чырайлуу өлкөсүнүн маселелерине караганда сулуу аялына көбүрөөк алаксып, эл арасындагы аброю төмөндөп кетти. Индия менен Кытайды чоң сегиздикке кошуп алуу жөнүндө анын ой-сунуштары да жүйөөсү быша элек куру сөздөй угулууда. Анын сөзүн адамдар баш ийкеп, күлүп кабыл алган менен андан олуттуу бир нерсе күтүшпөгөн шекилдүү.

Германиянын канцлери Анжела Меркел айым өз өлкөсүндө экономиканын боосун бошотпой бир калыпта кармап келатат, бирок анын дүйнөлүк саясаттын сахнасындагы ишмердигине ички саясий кыйчалыш жагдайлар тоскоол болууда. Меркел Германиянын өкмөтүндөгү мурдагы канцлер Герхард Шрөдер баштаган өнөктөштөрдүн таасиринен чыга элек. Шрөдер айрым адистер айткандай, Европада стратегиялык өнөктөш уюмга караганда стратегиялык коркунуч катары эсептелген Орусиянын энергетикалык гиганты Газпромдон маяна алып турат. Энергетика жаатындагы бир дагы маанилүү чечим Шрөдердин таасириндеги, орусиялык кызыкчылыкка байланган кишилердин макулдугусуз кабыл алынбайт. "Демек, Чоң Сегиздиктин жыйынында отургандардын жарымы Газпромдун таламын талашкан адамдардай сезилет",-деп белгилейт Пейич.

Сильвио Берлускони болсо Италияда саясатка жана бизнеске байланышкан жаңжалдардын сазына тыгылып чыга албай туру. Ал өзүнүн бийлигин чыңдоонун ордуна укук коргоо органдарынын укуругуна башы чукулдап калгандай абалда.

Улуу Британиянын өкмөт башчысы Гордон Браун дагы үмүт байлаткан, бирок лидер катары биринчи орунга чыгууга мажүрөө болуп аткан саясатчынын мисалын эске салат.

Канада менен Жапония мурда деле Чоң сегиздиктин күн тартибиндеги маселелерди чечкенде жетекчилик орунга умтулган өлкөлөрдөн болушкан эмес, алар дагы деле ушул адатынан кете турган түрлөрү көрүнбөйт,-деп корутундулайт макаласын Пейич.

P.S. Сөз соңунда кошумчалай кетерибиз, серепчи Ненад Пейичтин бул жекече пикирлерин сөзсүз эле «Азаттык» үналгысынын көз карашы катары кабыл алууга болбойт.
XS
SM
MD
LG