Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:11

Иран орто жана алыс аралыкка учуучу ракеталарын сынады


Революциянын сакчылар корпусу деп аталган элиталык аскерий бөлүк сынаган тогуз ракетанын арасында, мамлекеттик телеканалдын билдиргенине караганда, Шахаб-3 ракетасы да бар. Расмий өкүлдөрдүн айтымында, ал эки миң чакырым аралыктагы бутага сокку ура алат. Бул аталган ракета Израилге жете алат дегенди билдирет.
Сыноо өзөктүк программага байланыштуу Ирандын АКШ жана Израил менен мамилеси чыңалып турган учурга туш келди.
Мунун алдында Ирандын диний көсөмү Аятолла Али Хаменейинин кеңешчиси кокус кол салынса, Тегаран Тель-Авивге, АКШнын Перси булуңундагы кемелерине, дүйнөнүн булуң-бурчундагы мекемелерине сокку урат деп айтканы кабарланган.
Ал эми АКШ Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райстын бүгүн Софияда жүргөн жеринен билдиргенине караганда, соңку ракеталык сыноо Иран туудурган коркунуч "кыялдагы нерсе эмес" экенин көргөздү.

XS
SM
MD
LG