Линктер

жекшемби, 26-март, 2017 Бишкек убактысы 21:24

“Чоң Сегиздиктин” кезектеги саммити бүгүн Жапонияда жыйынтыкталып жатат. Хоккайдо аралында дүйнөнүн өнүккөн мамлекеттеринин лидерлери климаттын өзгөрүшүнөн тарта энергетика маселелери, азык-түлүккө баанын өсүшүнө байланышкан бир топ маселелерди талкуулашты. Алар абаны булгап жаткан көмүр кычкыл газдын көлөмүн 2050-жылга карата 50 пайызга кыскартуу боюнча макулдашышты.

Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш үч күн бою жүргөн сүйлөшүүлөрдө олуттуу алга жылыштар болгонун бүгүн саммит жыйынтыкталып жатканда айтты.

- Биздин максатыбыз беш негизги багытта ийгиликтерге жетүү болчу. Булар: климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөш, Доха келишиминин ийгиликтүү иштеши үчүн кайрадан жапа тырмак киришишүү, Африкадагы ооруларга каршы күрөштү күчөтүү, азык-түлүк каатчылыгына жана энергетикага баанын жогорулашына көңүл буруу, “Чоң сегиздикке” кирген мамлекеттер бул иштерде ниети түз экенине ынануу эле. Мен ушул маселелердин баарында биз маанилүү ийгиликтерди жасай алганыбызды билдирип койгум келет, - деди АКШ президенти Жорж Буш.

Бирок бул жолку саммит, негизи, бир эле нерсе менен эсте кала тургандай. Бул жолу дүйнөлүк лидерлер абага чыгарылып жаткан булганыч газдын көлөмүн кыскартуу керек деп, бул боюнча атайын келишимге жетише алышты.

Климаттагы өзгөрүүлөрдү токтотуу боюнча “Чоң Сегиздиктин” чечими расмий Вашингтон тарабынан алгачкы ирет колдоо таап олтурат. Анын үстүнө, бул Буш үчүн да чоң өзгөрүүлөр болгонун көргөздү. “Климаттын ысышы жаратып жаткан коркунучтардын маанисин анча апырта бербегиле” деп келген Жорж Буш үч жыл мурун алгачкы ирет чын эле климаттын жылышы адамзаттын иш-аракеттеринен улам болуп жатканына ынанганын айткан.

Бирок “Чоң Сегиздиктин” резолюциясынын иш-тартиби боюнча анын мүчөлөрү ортосунда толук мунаса табыла элек. Анын үстүнө 2050-жылга чейин дегени быйылдан тарта эсептеле баштайбы, же бир нече жылдан кийинби, – мунусу да тактала элек. Айтсак, көмүр кычкыл газды чыгаруунун көлөмүн азайтууну шарттаган Киото протоколу кабыл алынгандан бери АКШ ал газдын көлөмүн кыскартуу бери турсун, аны 20 пайызга көбөйткөн.

Ошол эле учурда европалык лидерлер 2050-жылга чейинки мөөнөттү өтө эле узак деп, булганыч газды кыска мөөнөттүн ичинде азайтуу зарылдыгын айтышууда. Мисалы, Евробиримдик өзү чыгарып жаткан көмүр кычкыл газынын көлөмүн 2020-жылга карата 20 пайызга кыскарта ала турганын билдирди.

Эгерде “Чоң Сегиздиктеги” баардык мүчөлөр бул демилгени колдоп чыгышса, анда АКШ да алардын талабына макул болгонго аргасыз болот. Буга чейин АКШ абага ошончолук эле деңгээлде булганыч заттарды чыгарып жаткан Кытай менен Индия да бул өңдүү талаптарга баш ийиши керек, деп айтып келген эле.

Жапонияда “Чоң Сегиздиктин” саммитине удаа дүйнөдө тездик менен өнүгүп бараткан дагы беш мамлекеттин лидерлеринин да саммити өттү. Кытай, Индия, Бразилия, Мексика жана Түштүк Африка климаттын ысышына каршы өз алдынча күрөшүү боюнча сүйлөшүштү. Бирок алар, “Чоң Сегиздиктегилердей”, конкреттүү датаны айтышпады. Алар да абага чыгарылып жаткан булганыч газды азайтуу аракетинде экендиктерин билдирип, бул үчүн “Чоң Сегиздиктен” каржылык колдоо да сурашты.

Орус президенти Дмитрий Медведев бүгүн журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, бул жолку чечимдерден үмүтү зор экенин билдирди.

- Мамлекеттер азыр климатта болуп жаткан өзөрүүлөр канчалык коркунучтуу экендигин билишет жана буга чейин айтылып келген курулай сөздөрдөн эми конкреттүү чечимдерди кабыл ала башташты. Албетте, ар бир мамлекеттин азыр өзүнө жараша экономикалык өнүгүшү бар, ар кимиси ар кандай абалда. Бирок бул тема бүгүн эч кимди кайдыгер калтырган жок, - деди орус президенти Дмитрий Медведев.

Көпчүлүк байкоочулар ушул жумадагы окуялар ийгиликсиз деп саналган Киото протоколу кабыл алынгандан бери климаттын ысышына каршы алгачкы реалдуу кадамдар жасала баштады окшойт деп, көңүлү жылып турган чагы. Келерки жылкы талкуулар эми Бириккен Улуттар уюмунун жетекчилиги астында Копенгагенде өтөт.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG