Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:37

КАЗАК ӨКМӨТҮ МААЛЫМАТ МЕЙКИНДИГИНДЕ «ОЙНОЙ БАШТАДЫ»


Амирбек Усманов, Прага Казакстанда «Арна медиа» аттуу улуттук маалымат компаниясы түзүлдү. Холдинг-компания өлкөнүн «маалымат мейкиндигиндеги атаандаштыкты күчөтүү максатында түзүлдү», деп айтылат казак өкмөтүнүн 3-июлдагы жарлыгында. Жаңы холдингге негизинен өкмөттү колдогон медиа уюмдар киргендиктен, бийлик саясатына сын көз менен караган көз карандысыз маалымат булактарын чектөө күчөтүлүшү ыктымал деген кооптонууну бар.

Казак өкмөтүнүн «Арна медиа» маалымат компаниясын түзүү жөнүндөгү чечимин жергиликтүү серепчилер кооптонуу менен кабыл алышты. Алардын пикиринче өкмөтчүл жана өкмөткө ыктаган маалымат булактарынын башын бириктирген жаңы холдинг-бийликтин сөз эркиндигин көзөмөлдөөсүн күчөтөт.

Галия Аженова - «Адил сөз» деп аталган сөз эркиндигин коргоочу бейөкмөттүк корду жетектейт. Анын айтымында:

-Биз өзүбүздү демократиялуу коомдо жашайбыз десек, демократиянын бир белгиси - эркин басма сөз го. Ошондуктан биз өкмөттүн береги күдүктүү чечимине каршыбыз. Бул сыяктуу борборлоштуруу сөз эркиндигине өбөлгө болбойт. Тескерисинче, кошумча тоскоолдуктарды жаратат деп ойлойм.

Жаңы холдингге кирген Казакстан улуттук телерадио компаниясы жана «Хабар» жаңылыктар агенттиги - экөө тең өкмөттүн ээлигинде. «Хабарды» жакынга чейин президент Назарбаевдин улуу кызы Дарига жетектеген. Өлкөдөгү негизги жаңылыктар агенттигиндеги Дарига Назарбаеванын таасири али да күчтүү дешет казакстандык байкоочулар.

Ал эми «Эгемен Казакстан» (мурдакы «Социалисттик Казакстан») жана «Казакстанская Правда» эзелки советтик гезиттер. Эки басылма тең Алматыда совет кезинен калган кеңселеринде жайгашкан жана заман алмашканына карабай бийликке ык тутканын коюшкан эмес.

Холдингге өкмөттүн жетегиндеги Казак кабар агенттиги, Казактелеком, «Жаш Өркен» жана «Казак гезиттери» басмаканалары да кирет. Албетте, холдинг өкмөттүн жарлыгы менен түзүлгөндүктөн, анын башчылыгына Өнөр жай жана соода министринин орун басары сунуш кылынды.

Ошондуктан маалымат мейкиндигиндеги атаандаштыкты күчөтүү үчүн «Арна медиага» жетерлик укук берилеби? Холдингдин мүчөлөрү маалымат мейкиндигин бөлүшкүсү келеби? деген мыйзамдуу суроо туулат.

Сейдакмет Куттукадам «Казак Гезиттери» компаниясына таандык «Мысль» журналынын башкы редактору. Ал медиа-холдингди түзүүнү маалымат каражаттарын көзөмөлдөөнү көздөй жасалган дагы бир кадам деп түшүнөт:

-Холдинг ырасмий түрдө түзүлгөн болсо, маалымат каражаттарына көзөмөл жүргүзгөн Маданият жана маалымат министрлигинин кажети жок болот жана министрлик жоюлуш керек. Соңку кезде президент маалымат каражаттарынын эркиндиги кеңейтилет, плюрализация деп жаткан. Холдинг түзүү президент айткан идеяларга кайчы келип турат сыяктуу.
XS
SM
MD
LG