Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:26

Муса Мураталиев, Москва Бул күндөрү Петербург шаарынын 442-аскерий госпиталында төрт айдан бери эсине келе албай жаткан жоокер Николай Смирновдун жайы дайын болду. Жоокер кызмат өтөгөн бөлүктүн жетекчилиги айтканга караганда, ал кокустуктан улам болгон. Адам укугун коргоочулар болсо ал аскердик «дедовщинанын» курмандыгы экендигин айтышат. Анын мурунку күнү, 8-июлда Ыраакы чыгышта аба десанттык аскерлеринин 83-бригадасында катардагы Владимир Дейнес чогуу кызмат өтөгөн төрт аскерди атып, артынын өзүн-өзү атып салган. Ушундай жоруктардан улам серепчилер Орусиянын армиясында жаңы аскерге алынгандарды мурун келгендер токмоктоп, кысым көрсөтүү дагы эле уланып жаткандыгын айтышат.

Орусиялык армияда аскерлер өз ара ымаласы кандай экенин коомчулук алы жеткендери алы жокторун токмоктогондун айынан жарым жан болуп калышкан, катардагы Роман Рудаков менен Андрей Сычев тагдырларынан соң билип калышкан.

Бул күндөрү орун алган катардагы Николай Смирновдун окуясына келсек, «Азаттыктын» кабарчысы билдиргенге караганда, ал Ухта калаадан аскерге чакырылган. Архангельская областында кызмат өтөп жүрүп 23-февраль күнү абдан кымбат чөнтөк телефон керек деп үйүнө кат жазган. Бирок эне-атасы аны сатып бере алышкан эмес. 8-март күнү ал кызмат өтөп аткан бөлүк: балаңарды карагай тартып бараткан машине башка коюп кетип ошондон бери эсине келе албай жатат деген кабар жиберген.

Ошондон төрт ай бою эсине келе албай жаткан аскерди «Солдаттын энелери» уюму белгилегендей, машине эмес эле, чөртөк телефон келбегенде, чоң муштум жолдоштору сабап ушул абалга жеткиришкен. Санкт-Петербургдагы «Солдаттар энелери» уюмунун жетекчиси Элла Полякова айтканга караганда, жоокер дуушар болгон окуяны ал бөлүмдүн жетекчилиги иликтөөгө алдырган эмес. Госпиталда да түзүктөп дарылашкан эмес, эмне дегенде Николай, айыгап кетсе «кимдир бирөөнүн» айыбы ачылып калмак:

- Аскерий доктурлардын ою боюнча – киши жок болсо маселе жок. Алар: оорулуунун сакайып кетүүсү күмөн санатат, ошондуктан чыгарып кетүү оң дешкен. Ошондон улам Смирновдун энеси адам укугун коргоочуларга кайрылган.

Орусиялык аскерий прокуратуранын башчысы Сергей Фридинский маалымдаганга караганда, «мурунку жылы аскер кызматындагылар арасынан өз жанын өзү кыйгандар эсеби 341 адамга жеткен. Алардын жарымы офицерлер менен контрактчылар түзөт».

Талдоочулар баамында, орусиялык куралдуу күчтөр катарынан өз жанын кыйгандар менен өлкөдө өз жанын кыйгандарды салыштыра келгенде ал эки эсеге аздык кылат. Орусияда жылына 100миң кишинин ичинен 36 атуул өз жанан өзү кыйят. Бул көрсөткүчтү АКШ менен салыштырганда ал эки эсеге көптүк кылат. Өз жанын өзү кыюу жагынан ала келгенде Кытай биринчи орунда жана ал элде, жылына 60миң киши мерт болуп турушат.
Фридинскийдин айтканына караганда «дедовщина» боюнча аскерий прокуратура үстүдө жылдын биринчи чейрегинде кыйла иликтөө ишин ачкан жана 138 жолу аскерий бөлүктөр командирлеринин аны жаап–жашырган учурун таап алган.
XS
SM
MD
LG