Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:13

ИРАН РАКЕТАЛАРЫН СЫНАДЫ, АКШ САНКЦИЯЛАРЫН ЖАРЫЯЛАДЫ


Ирандын шаршемби күнкү ракета сынактарын АКШ кескин айыптады. Германия менен Франция да Тегерандын бул кадамын дүйнөлүк коомчулуктун кооптонуусун күчөткөн факты деп аташты. Россия азырынча эч кандай мамилесин билдире элек. Иран бийликтери болсо сынамыктан өткөрүлгөн ракеталар “агрессорлордон башка эч кимге коркунуч түзбөй” турганын айтышты.

Иран орто аралыкка жана алыска атылуучу ракеталарын мурда да сынап көргөн эле. Бул жолку сынамыктарды байкоочулар Израилдин жакындагы аскерий машыгууларына Тегерандын жооп кайтарган кадамы катары карашууда.

Шаршемби күнү сынаган “Шахаб” деп аталган ракетанын жаңы, үчүнчү муундагы өркүндөтүлгөн түрү эки миң чакырым аралыкка, б.а. Израилдин аймагына жана АКШнын Перси булуңундагы айрым өлкөлөрдөгү аскерий базаларына жете алат дешет. Бирок айрым эксперттер, алардын ичинде Лондондо чыгуучу "Jane’s Missiles and Rockets" журналынын редактору Дуг Ричардсон “Шахаб-3” сапаты жагынан дүйнөлүк экинчи согуш маалындагы ракеталарга араң тең келет деп эсептейт.

Тегеранды Германия менен Франция баарыдан мурда дүйнө жамаатындагы кооптонууну күчөткөнүн эскертип, ”алтылыктын” жакындагы жакшы санаалуу сунуштарына жаман санаалуу ишаара менен жооп бергенине өкүнүч билдиришти.

Кошмо Штаттары Тегеранды кескин айыптады жана ракета сынактарын өткөрүүнү мындан ары токтотууну талап кылды. Кечээ Болгарияда мамлекеттик катчы Кондолиза Райс Тегеран режиминен эч кандай коркунуч көрбөй, ага каршы ракетадан коргонуу системасын түзүү кажетсиз деп эсептегендерге шаршемби күнү кандай ракеталарды сынашканын ирандыктардан сурап көрүүнү сунуш кылды.
АКШ президенттигине талапкер, республикачыл сенатор Жон Маккейн Европада Ирандын ракеталык жапырыгынан коргонуу үчүн ушу тушта жана келечекте натыйжалуу система түзүүнүн зарылдыгын белгиледи. Анын атаандашы, демократ-сенатор Барак Обама Иранга каршы катаң чараларды көрүүгө чакырды.

АКШ андан эки күн мурда эле Ирандагы беш компанияга жана алты адамга, алардын ичинде Тегерандын атомдук технологияларын иштеп чыккандарга финансылык санкцияларды жарыялаган эле. Ирандын ракета сынактарына Москва азырынча не ак, не көк деген мамилесин билдире элек. Москва баарыдан мурда Чехия менен АКШ ортосунда кол коюлган келишимге көбүрөөк көңүлүн бурууда. “Буга биздин таптакыр коомутубуз толбойт, муну мен баарына тике эле айттым. Мындан биз, албетте, апалаң-тапалаңга түшкүбүз келбейт, бирок кандай жооп кайтаруу керектигин сөзсүз ойлоштуруп көрөбүз”,- деп билдирди орус президенти Дмитрий Медведев Японияда.

Буга байланыштуу Кондолиза Райс азыркы коркунучка, Иран алыска атылуучу ракеталарды түзүп, аларды дагы сынаарына Россия көңүл бурат, ошондой эле ракетадан коргонуу системасы ага каршы багытталбаганына ынанат деп баштагыдай эле үмүттөнөрүн билдирди.

XS
SM
MD
LG