Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Чолпон Баекова менен Отто Зольменин жолугушуусунда эки өлкөнүн алака-катыш маселелери талкууга алынмакчы. Учурда Германия Кыргызстандын негизги экономикалык донорлорунун бири. Өткөн жылы сентябрда эки өлкөнүн өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөрү жүрүп, анда немис тарап Кыргызстан менен каржылык кызматташууну өнүктүрүү үчүн 2007-2008 жылдар үчүн 26,5 миллион евро бөлөөрүн кабарлаган. (EBM)