Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:50

Ушул дүйшөмбү күнү Индиянын Пакистандагы элчилигине кол салынган эле. Бул окуя Индиянын Ооганстандагы кызыкчылыктары менен аракеттерине, коңшусу Пакистан менен атаандаштыгы бул өлкөдө кандай жүрүп жаткандыгына көңүл бурдурду.

Индиянын Кабулдагы элчилигинде жанкечти бомбаланган автоунаа менен жасаган жардыруудан 41 киши каза тапты. Арасында Индиянын башкы аскерий атташеси да бар. Ооган президенти Хамид Карзай жардырууну "Индия менен Ооганстандын бекем достугунун душмандарынын" колунан келген иш катары баалаган. Ал эми ооган ички иштер министри Зарар Ахмад Мокбел шаршемби күнү Тажикстанда жүргөн жеринен элчиликке кол салгандар Пакистандагы лагерлерде машыгуудан өткөнүн билдирди. Пакистандын премьер-министри Юсуф Раза Гилани болсо анын өлкөсүнүн бул окуяга кандайдыр бир тиешеси бар экенин төгүндөгөн.

Анткен менен британдык "Jane"s Defence Weekly" басылмасынын Делидеги кабарчысы Раул Бединин көз карашында, акыр аягында Индия да кол салууну Пакистандын чалгын кызматтарынан көрөрү шексиз. Ал "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун кабарчысы менен маегинде белгилегендей, Пакистан менен Индия азыр деле Ооганстандагы таасир үчүн "уланып жаткан Улуу оюндун" чегинде атаандашууда. 19–кылымдан айрымаланып, 21-кылымдагы атаандаштык коопсуздукту жана Азия субконтинентин Борбор Азия менен туташтыруучу соода жолдорун кѳзѳмѳлдѳѳ үчүн жүрүүдө:

-Индия Ооганстанда роль ойноого бир нече жүйөөдөн улам ийги. Иш жүзүндө ал Ооганстандан ары Борбор Азияда да орун-очок алууну абдан калайт жана бул Пакистанды камтамага салууда. Андыктан, менимче, бул - Пакистан менен Индиянын аймагынан сыртта орун алган, үчүнчү тарап үчүн каршылашуунун бир түрү.

Жакынкы эле тарыхка кайрылсак, Пакистан кезинде Талибан кыймылынын түптөлүшүнө жардам көргөзгөнү маалым. Талибан режимин колдоодөн 2001-жылдын 11-сентябрындагы окуялардан кийин гана баш тартты. Ал эми Индияда Талибан режими менен расмий алака болгон эмес, Дели тескерисинче мурдагы Түндүк альянстын күчтөрүнө жардам берген.

2001-жылдын соңунда Талибан бийликтен кулап, Ооганстандын алардан кийинки өткөөл өкмөтүндөгү чечүүчү кызматтарга Түндүк альянстын колбашчылары келгенде, өлкөнүн кан жолдорун кайра куруу боюнча кирешелүү контракттардын көбү индиялык фирмаларга берилген.

Пакистандын кыжырын кайнатып, Индия 2002-жылдан тарта Ооганстандын түштүгүндө бир нече консулдуктарын ачкан жана бул чөлкөмдө иштеген жол куруучуларын кайтарыш үчүн 500дөй жоокерин жайгаштырган. Пакистан өз кезегинде Индияны Ооганстанда тыңчылык түйүнүн уюштурганы жана муну Пакистандын түштүк-батышындагы балучи жикчилерин колдоо үчүн пайдаланып жатканы үчүн айыптаган. Пакистан ошондой эле Индия менен Ооганстандын аскерий байланыштары артып жатканына камтама. Индия бери дегенде 14 офицерин ооган армиясын машыктырууга жардам көргөзүү үчүн алып келген.

Талибан режими кулагандан бери Индиянын маданий таасири да күчөөдө. Индиянын спутниктери Ооганстанды көздөй телепрограммаларды, айыл жеринде популярдуу Болливуд тасмаларын берет.
Ооганстан боюнча америкалык таанымал эксперт Барнетт Рубиндин көз карашында, Индия менен Пакистан Ооганстан үчүн бир нече жылдан бери атаандашып келгени менен Исламабад да, Дели да үч өлкө жарнакташып иштегенде чогуу табуучу пайдага караганда, ар кимиси жеке өзүнүн улуттук коопсуздугу үчүн көбүрөөк кам көрүп келүүдө:

- Пакистан үчүн суроо - ал улуттук коопсуздугун кандай аныктаары. Индияга каршы болобу же Пакистан улуттук ислам мамлекети эмес, аймактагы ислам державасы катары регионалдык ролду көбүрөөк аткарабы? Жер жана идеология жагынан артта калган жаңжалдарды унутуп, өзүн коңшулар менен чогуу-чараан пайда табуу саясатына катышкан, өнүгүүгө багыт алган өлкө катары көргөзөбү? Бул бир жагынан Индияга да көз каранды болот. Биз Индия менен Пакистан ушул сыяктуу көйгөйлөрдү бир күнү жеңет деп үмүттөнөбүз. Ооганстан мына ушул үчүн кун төлөөдө.

Индия үчүн транзиттик өлкө катары Пакистандын катышуусуз ишке ашпай турган ири долбоор – энергияга чаңкап турган экономика үчүн түркмөн газын алып келүү. Ал үчүн Түркмөнстандан тартып, Ооганстан жана Пакистан аркылуу 1680 чакырым келген куур төшөлүшү керек. Мындай куур Индия менен Пакистандын бири-бирине көз карандылыгын күчөтүп, жарнакташып иштөөсүнө салым кошмок. Бирок аталган долбоор төрт өлкөнүн өкмөттөрү кол койгон меморандумдан ары жыла элек жана мындай жагдай анын келечегинен күмөн санатууда.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG