Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:26

АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс шаршемби күнү Тбилисиге келди


Абхазия жана Түштүк Осетиядагы курч кырдаал мамлекеттик катчы менен грузин бийлигинин ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн башкы темасы болмокчу. Шейшемби күнү Кондолиза Райс бул эки аймактагы кырдаалдын курчушуна Орусия таасир этти деп билдирген болчу. Өз кезегинде Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Грузиянын аракеттери Абхазия жана Түштүк Осетиядагы кырдаалды курчутуп жибергенин, ал эми чагым уюштургандар бардык жоопкерчиликти Москвага жүктөп жатат деген мааниде билдирүү таратты. Тбилисиге чейин АКШнын мамлекеттик катчысы Польша, Чехия жана Болгарияда иш сапары менен болгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG