Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:41

Шайлообек Дүйшеев, Бишкек

“Өткөн кыштын катаалдыгы улуттар аралык ыйкы-тыйкынын күчөшүнө алып келиши мүмкүн” “Евразия net” маалымат агенттигине жазган ушундай аталыштагы макаласында анын автору Алишер Хамидов, соңку жылдардагы суунун тартыштыгы Борбор Азиянын Фергана өрөөнүндөгү чегара райондорунда өз ара чыр-чатактын күчөшүн шарттаарын, март айынын аягында эле Тажикстандын жергиликтүү чиновниктери кошулган 150гө жакын тажик тургундары кыргыздар тарабынан курулган плотинаны бузуп салуу аракетин жасашканын, ошондон ушул күнгө чейин эки тарап бирин-бири күнөөлөгөндөн башка жыргаткан чечим таба алышпаганын, ал эми май айынын башында Аравандын өзбектер менен чектешкен аймагында суунун көлөмүн көбөйткүлө деген талап менен жергиликтүү акимчиликтин алдына өзбек дыйкандары демонстрацияга чыгышканын, ошентип канча жылдардан бери карай Кыргызстан менен Өзбекстандын, Кыргызстан менен Тажикстандын чегара маселелери үч тараптын каалаганындай чечилбей келаткандыктан акыры барып келип эле карапайым калктын баш оорусуна айланганын, бүгүн кенедей эле учкунду үйлөп жиберсе жалбырттап кете турган өрттүн очогун өчүрүүнү бийлик олтурган кычыраган кабинеттерде эмес, жеринде жасоо керектигин эксперттер кайта-кайта эскертип жатканын жазды.

Суу кадырын кыргызга караганда алда канча жакшыраак билген Казакстан болсо өткөн айдын аягынан тартып Көксарай деп аталган жасалма суу сактагычтын курулушун баштаганын, сууну жөнгө сала турган бул өтө үлкөн курулуш аягына чыкса казактар айыл-кыштактары менен айдоо аянтарынын далайын суу каптоо балээсинен куткарарын “Фергана. Ру” маалымат агенттиги билдирди. Бирок казактар куруп алчу суу сактагычтын пайдаланууга берилиши менен эле бардык проблемалар чечилип каларына өзбектердин көзү жетпейт.

Ушул эле “Фергана. Ру” аркылуу интервью берген белгилүү өзбек окумуштуусу, академик Бекжан Ташмухаммедов Көксарай суу сактагычын куруу чечими казактардын айласы алты кеткендеги иши экенин, бирок бул суу сактагыч курулгандан кийин Өзбекстандын жаратылышына зыянын тийгизбестигин белгилеген. Кабарчынын “Эмне үчүн Өзбекстан менен Казакстан Кыргызстандан алган суу үчүн акы төлөгүлөрү келбейт?” деген суроосуна Б. Ташмухаммедов, суу үчүн тыйын төлөгүлө деп талап кылуу бул аймактагы кылымдап келаткан салт-санаага жана эларалык укуктук нормаларга карама-каршы келерин, эгер суу маселесин чечүү анын амиринде болсо, Өзбекстан суу акысы үчүн Кыргызстанга бир тыйын да төлөбөйт деп таккесе жооп берүү менен биротоло чекит коймоктугун айткан. Андан ары академик Ташмухаммедов суунун каатчылыгынан 2025-жылга чейин плаетанын үчтөн эки бөлүгү жасалма жол менен жаан жаадырганга өтөрүн кеп кылган.

Суу боюнча баяндамабызды дагы уланталы. Көптөгөн маалымат булактары билдиргендей жакында Орусия менен Казакстандын капчыгынан пайда болгон Евразия өнүктүрүү банкы кылым долбоору атаган “Евразия” каналын куруу чакыргын таштаганын, Орусия менен Казакстандын мыкчыгерлери эми бул канал аркылуу Каспий деңизи менен Кара Деңизди тушташтыруу аркылуу келечекте казактын нефти-танкерлерин дүйнөлүк океанга алып чыгууну көздөп, Батыштын кара майга болгон чаңкоосун кандырууну каалап жатышканын, канал аркылуу жалаң гана нефти эмес долларлар агып турарын, бирок ошол канал айлана-чөйрөгө кандай кесепеттерди алып келерин ойлогон атка минерлер жоктугун, казак менен орус чиновниктеринин ойлоруна койсо Сибирдин дайраларын жүгөндөп алып Борбор Азияга бургусу келип турушканын, маселен Маскөөнүн шаар башчысы Лужков Петербургдагы экономикалык форумда сүйлөгөн сөзүндө Орусия Борбор Азияга жылына 20 куб километр суу сатса эле орус мамлекети жылына 4 миллиард доллардын тегерегинде пайда табарын айтканын, бирок орус коомунун акыл-эси бар адамдары Лужковдун мындай ороскел кадамына таптакыр каршы чыгышканын, мисалы академик В. Аникеев бул деген алып сатар адамдын билдирүүсү, мындай долбоорду көтөрүп чыккандарга кылмышкер катары прокуратура дароо иш козгошу керек, жаратылышка мындай жырткычтык менен мамиле жасоо планетанын кылымдап келаткан тең салмактуулугун ойорондоп салган атпайбы деп дүйнө көңүлүн бурганын токтолду.

“Кыргызстанда революция сөзжок болот”. Кечээ түштөн кийин Кыргызстандын патриоттор партиясынын лидери Назарбек Нышанов Бишкекте өткөн басмасөз жыйынында ушундай деп билдирүү жасаганын “Пиар кейжи” (Pr. kg) маалымат агенттиги таратты. Партия башчысы өлкөдөгү бүгүнкү түзүлгөн кырдаал кырдын учунда турганын, кылт этсе эле анын кааалган күчтөр кааалгандай пайдаланып кетерин, ошондуктан ушул жылдын 10-августунда элдик курултай өткөрүп, анда элдик коалициялык өкмөт түзүү зарылдыгын, бийлик 2-августта өз укугун ошол коалициялык жаңы өкмөткө өткөзүп бериши керектигин, ошондон кийин гана жаңы өкмөт Башмыйзамдын жаңы долбоорун бүткүл элдик рефрендумга алып чыгып, андан кийин жаңы парламент, президент жана конгресстин 700 мүчөсү шайланарын, ошондо гана өлкөдө президенттик да, парламенттик да эмес, чыныгы элдик башкаруу пайда болорун айткан.

“Бишкек басмасөз клубу” маалымат агенттиги “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин ушул агенттикке берген “Кыргызстанда президенттик шайлоо башталды деп эсептей берсе болот” деген интервьюсун коментарийлеп чыкты. Текебаевдин белгилешинче Кыргызстанда президенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда болушу мүмкүн. Кокус ушундай болсо президенттик жарышка түшө тургандардын көбүнүн даярданганга чама-чаркы жетпей калары бышык. Саясатчынын айтымында мөөнөтсүз шайлоо президентке деле жыргаган утушту алып келбейт, кайра ага болгон ишенимди дагы жоготот, кадырын кетирет. Президенттик шайлоо жүрүшү башталганына далил катары Текебаев жакында эле президенттин “Акжол” партиясынын лидерлери шайлоодо Бакиевди колдогула деп Баткендиктерди эмитеден эле үгүттөгөнгө өткөнүн, муну болгондо да Кыргызстандагы бийликтин үч бутагынын бири болгон Жогорку Кеңештин өкүлдөрү жасап жатканын, демек ушундан улам өлкөдө шайлоо башталды деп эсептей берсе болорун, демократиясы дасыккан Америкада деле үгүт иштери президенттик шайлоого бир жыл калганда башталарын, ал эми саясаты сайраган Кыргызстанда бул өнөктүк эки жыл калганда башталганына көңүл бурган.

Ушул эле “Бишкек басма сөз клубу” маалымат агенттигине интервью берген Юстиция министри Марат Кайыпов”Кыргызстандын массалык маалымат каражаттары саясый сыпайкерчилик жагынан аксап жатат” деп билдирди. Министр Кайыпов Кыргызстанда бийликти колдогон, жактаган, ошондой эле ортодо турган, сындаган жана бийликти өкүртө жамандаган, оппозицияны жактаган маалымат каражаттары жашап жатканын, массалык маалымат каражаттары өлкөдө сөз эркиндигин каалагандай пайдаланышарын, өзгөчө электрондук маалымат каражаттары бул жагынан баарынан озуп кетип, алардын жөнгө салына электигин сөз кылды. Кабарчынын “Кыргызстандын медиа тармагында акыркы жарым жыл ичинде кайсыл урунттуу окуяны бөлүп көрсөтөр элеңиз?” деген суроосуна министр мырза маалымат каражаттарынын жалпы берүүлөрүнүн 50 пайызы мамлекеттик тилде болсун деген талап мыйзамга киргизилгенин, бул деген маанилүү окуя болгонун, мамлекеттик тил кайсыл жерде болбосун ошол мамлекеттин күнкорсуздугунун символу экендигин айтып жооп берген.

“Централазия” жаңылык кызматы келерки жылдан тартып борбор Азия өлкөлөрүндө газдын баасы 2 эсеге жогорулай тургандыгын кабарласа, “Газета кейжи” маалымат агенттиги Кыргызстандагы 240 окуучуга 1 ден компьютер туура келерин маалымдады. Ал эми “Регнум” маалымат агенттиги 1-июлдан тартып көбөйтүлгөн пенсия үчүн 200 миллиондон ашуун сом керектигин, президенттин буйругу менен ушул жылдын 1-январынан тартып пенсиянын базалык бөлүгү 450 сом көлөмүн түзгөнүн же 12, 5 пайызга көбөйгөнүн, 1-июлдан тартып ал дагы 10 пайызга көбөйөрүн, пенсияны көбөйтүү күзүндө да пландаштырылып жатканын маалымдады.
XS
SM
MD
LG