Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:32

10-ИЮЛЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1854-жылдын бу күнү бугу манаптары Батыш Сибирь генерал-губернатору Г. Х. Гасфордго кат менен кайрылышкан. Орто Азиядагы жергиликтүү калкты оорук ишине тартуу туурасындагы падышалык бийликтин жардыгы кыргыз калкынын да каршылыгын жараткан.

Бугу манаптары 1854-жылдын бу күнү Батыш Сибирь генерал-губернатору Г. Х. Гасфордго кат жазышкан. Бугу манаптары 1853-жылдын сентябрь айында империядан букаралык сурап кайрылганы жана ал ырасимди бекемдеп шерт кармаш үчүн тиешелүү адамдарды жиберүү өтүнүчүн билдиришкен.

Жетисуу казак аскер бөлүгү 1867-жылы уюшулган. Жаңы аскер бөлүгүнүн негизин 9-жана 10-сибирь казак-орустарынын полктук округдары түзгөн. Жетисуу областынын Пишпек жана башка, айрым уезддеринде казак станицалары курулган. Алар бейпил маалда бир атчандар полкту, согуш убагында үч полк чыгарууга милдеткер болушкан. Совет мезгилинде казак кошууну таратылып, алардын калган-каткандары Чыгыш Түркстанга качкан.

Орто Азиядагы жергиликтүү калкты оорук ишине тартуу туурасындагы падышалык бийликтин 1916-жылдын 25-июнундагы жардыгы кыргыз калкынын да каршылыгын жараткан. Жардыкка каршы кыймыл башында Кыргызстандын түштүгүндө 10-июлдан тарта башталып, козголоңчул маанай июль айынын аягына чейин уланып турду.

1948-жылы борбор шаарда орун алган «Красный металлист» заводу кир жуугуч машина өндүрүшүн өздөштүргөн. Бир жарым кило кир жууй турган машина кийин «Киргизия» деп аталып, кыска аралыкта ал айымдардын алмашкыз буюмуна айланган.

Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын археологиялык отрядына караштуу аквалангисттер 1959-жылы Баетова айлына жакын жердеги Ысык көлдүн түбүнөн орто кылымга таандык шаар калдыгын табышкан. Археологдордун көңүлүн карападан жасалып, глазурь менен капталган суу түтүктөрү бурду. Мындан тышкаары шаар чалдыбарынан чыккан жыгач көпүрөлөр «археологиялык табышмак» деп аталып, окумуштуулар арасында талаштарды жараткан.
Бу күн, орус почта күнү катары белгиленип, 1900-жылы Париж метросу ачылып, 1942-жылы Кызыл Армия үчүн нан фонддун ачуу жардыгы кабыл алынган.
XS
SM
MD
LG